Басма сөз баянаты

Жума жана жамаат намазын токтотуу шаръий түрдө жаиз эмес

Басма сөз баянаты

Жума жана жамаат намазын токтотуу шаръий түрдө жаиз эмес

Судандын дин жана вакф иштери министри Насриддин Муфрих Хартум вилаятынын бардык мечиттеринде үч аптага жума жана жамаат намаздары окулушун токтотуу жөнүндө токтом чыгарды.

Шарият белгилеген фарз айндарды хак жана акыйкатка алакасы болбогон саясий жана финансылык максатта тебелөө өтө аянычтуу. Биз, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын мүчөлөрү, ушул маселедеги шаръий өкүм адамдарга жаркын болушу үчүн Судан жана башка жайлардагы мусулмандарга ушул акыйкаттарды жеткиребиз:

Биринчиден: эпидемия тараганда жума жана жамаат намаздары массалык түрдө токтотулбайт. Балким, ооругандарды өзүнчө бөлүп, алар жума жана жамаат намаздарына киргизилбейт. О.э. бардык тазалык жана стерилизация чаралары аткарылат. Дени сак кишилер жума жана жамаат намаздарына барышат.

Экинчиден: жамаат намазы фарзи кифая болуп, ал адамдарга анык көрсөтүлүшү шарт. Расулуллах ﷺ бул жөнүндө айтат:

«مَا مِنْ ثَلَاثَةٍ فِي قَرْيَةٍ وَلَا بَدْوٍ لَا تُقَامُ فِيهِمْ الصَّلَاةُ إِلَّا قَدْ اسْتَحْوَذَ عَلَيْهِمْ الشَّيْطَانُ، عَلَيْكَ بِالْجَمَاعَةِ فَإِنَّمَا يَأْخُذُ الذِّئْبُ مِنَ الْغَنَمِ الْقَاصِيَةَ»

«Эгер бирер айылда же чөлдө үч киши болуп туруп, ал жерде намаз окулбаса, шайтан аларды ээлеп алыптыр. Жамаатты лазым тут, себеби, карышкыр үйүрдөн бөлүнгөнүн жейт». (Абу Давуд риваяты).

Төртүнчүдөн: жума намазы фарз айн жана ал шаръий үзүр болсо гана сакыт болот. Аллах Таала айтат:

﴿إِذَا نُودِي لِلصَّلاَةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ﴾

«Эй момундар, качан Жума күнүндөгү намазга чакырылса, дароо Аллахты зикир кылууга баргыла жана соода-сатыкты токтоткула! Эгер, билсеңер, мына ушул силер үчүн жакшыраак»                                                                                                                  [62:9]

Расулуллах ﷺ айтат:

«الْجُمُعَةُ حَقٌّ وَاجِبٌ عَلَى كُلِّ مُسْلِمٍ فِي جَمَاعَةٍ إِلَّا أَرْبَعَةٌ: عَبْدٌ مَمْلُوكٌ، أَوِ امْرَأَةٌ، أَوْ صَبِيٌّ، أَوْ مَرِيضٌ»

«Жума намазы – ар бир мусулман жамаат болуп окушу важиб вазыйпа. Төрт түдүү киши гана мындан сырткары: кулдар, аялдар, жаш балдар жана оорулуулар».

Бешинчиден: баарына оору жугуп жатат, ушунча чараларга карабастан, аны токтотуу мүмкүн болбой жатат деген пикир күчсүз жүйөө. Айрыкча, жамаат намазы үчүн эң азы эки киши, жума намазы үчүн үч киши талап кылынган, мындай аз эле адамдын чогулушу рожихирээк. О.э. этият болуу фарзды таштоо дегенди билдирбейт, этият чаралар көрүлүп аткарыла берилет.

Ачуу акыйкат мындай, мусулман өлкөлөрүнүн акимдери колонизатор кафирлердин жолун ээрчип бара жатышат. Эгер ошол кафир мамлекеттер илдетти дарылоодо белгилүү бир жолду карманса, аларды ээрчишүүдө. Эгер алар баарына туура келе бербеген чечимди тандашса, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер аны макулдап, шыпаа катары ала беришет.

Аллахтын уруксаты менен жакында тикеле турган Халифалык мамлекети мындай иштерди чечүүдө эч качан кафирлер жолун ээрчибейт. Расулуллах ﷺ хидаятын ээрчийт о.э. жума жана жамаат намаздарын токтотпойт. Шаръий үзүрү бар киши жума жана жамат намазына катышпайт, башкалар болсо катышат. Ооругандар бөлүнүп, дени сак кишилер өз иштерин уланта беришет. Алар мечиттерге барып намаз окушат. Аллахтан мындай оорулардан сакташын о.э. чума жана балээни көтөрүшүн сурап дуа кылышат. Чындык мына ушундай.

﴿فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ﴾

«Чындыктан кийин болсо жолдон адашуу гана бар»                                                [10:32]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы

маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

Көркөм эсептелүүчү хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…

18 hours ago

“Коопсуз шаар” долбоору аймактарда да колдонулат

"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…

20 hours ago

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…

22 hours ago

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

3 days ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago