Жаңылыктар

Өзбек жана кыргыз калкы – карантин токтотулушун, мечиттер ачылышын талап кылууда

Өзбек жана кыргыз калкы – карантин токтотулушун, мечиттер ачылышын талап кылууда

Социалдык тармактарда кыргыз жана өзбек тилдеринде – “карантинди токтоткула, компенсация төлөп бергиле, эл аралык уюмдардан акча алуу максатында элди репрессия кылууну токтоткула, вирусту жуктуруп алгандардын тизмесин ачык жарыялагыла” деген талаптар көтөрүлгөн нааразылык акциялары башталды.

Бул нааразылык саламаттыкты сактоо министрлигинин “карантиндеги ар бир бейтапка болжол менен 3000 доллардай каражат жумшалууда” деген билдирүүсүнөн кийин башталып кетти. Адамдар коронавирус дүрбөлөңү фейк (жасалма) экендигин, жетекчилердин кызыкчылыгы үчүн атайын уюштурулган үлкөн долбоор экенин далилдөөчү материалдарды баяндап, бир катар фактыларды келтирип жатышат.

Өкмөт болсо коронавирус жуктуруп алгандардын тизмесин жарыя кылуудан баш тартып, анык болбогон цифраларды келтирүү менен элдин ишениминен чыгып  барууда. Адамдар коронавирус жуктурган фактыларды көрүшсө, бир аз кадыржам болуп калышмак. Бирок, тизме эртеби-кечпи баарыбир ачыкка чыгат. Ошондо Атамбаевчилердин ТЭЦ окуясындаы кыянаты азыркы бийликтин бул афёрасы алдында эч нерсе болбой калышы мүмкүн.

Экономикалык абал,  Рамазан айында мечиттердин ачылбашы  жана жамаат намаздарга тыюу салуулар нааразылыкты ого бетер күчөтүүдө. Мечиттер ачык болгондо мусулмандар жамаий ибадаттар менен алек болуп, өкмөткө нааразылык балким мынчалык күчөбөсө керек эле!

Адамдарды үй камагына алган бийлик мыйзам боюнча алардын күнүмдүк керектөөсүн камсыздоодон жоопкер. Бул эки мамлекетте адамдарга компенсация төлөнбөдү. Мыйзамдын бир тараптуу иштеши адамдардын нааразылыгын күчөтүүдө.

 Талаптар көп, жоопкерлер болсо “биз силерди кандайдыр вирустан сактап жатабыз” деп ачка абалда үйлөргө камап коюшту.  Балким ачкадан өлгөнгө караганда вирустан өлгөн жаманыраак бекен!

Абдураззак Муъмин.

turkistonkg

Recent Posts

Көркөм эсептелүүчү хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…

1 day ago

“Коопсуз шаар” долбоору аймактарда да колдонулат

"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…

1 day ago

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…

1 day ago

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

3 days ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago