Басма сөз баянаты
«Ислам – үй-бүлө, муун жана коомдун коргоочусу» деп аталган кампания аяктады!
Белгилүү болгондой, 2020-жылы 21-январда «Ислам – үй-бүлө, муун жана коомдун коргоочусу» деп аталган кампанияны баштаган элек. Коронавирус эпидемиясынан улам көрүлүп жаткан чаралар себептүү бул кампаниябызды 2020-жылы 28-март күнкү корутунду программа аркылуу эрте бүтүрдүк. Корутунду программада академик, журналист жана бейөкмөт уюмдардын 21 өкүлү катышты. Жыйын соңунда «Ислам – үй-бүлө, муун жана коомдун коргоочусу» кампаниясынын корутунду билдирүүсү жарыяланды
Билдирүүдө ушул нерселер баса белгиленди:
Үй-бүлө коомдун негизин түзөт, перзенттерибиз келечекти калыптандырат. Үй-бүлө, муун жана коомду түрдүү жаман пикирлерден, иштерден жана нерселерден коргоо Исламды адилеттик менен колдоно турган жана Исламды рисалат катары дүйнөгө алып чыга турган мамлекетте жүзөгө чыгат. Эркек жана аял үй-бүлөнүн эки негизи деген этибарда корголсо жана алардын Ислам менен байланышы күчтүү болсо, коом күчтүү жана бекем болот. Эр-катындык, эркектин аялга болгон алакасы, үй-бүлөлүк алакалар жана тууганчылык бузулса, коом күчсүз болот жана биринчи соккуда эле кулайт. Бул нерсе бүгүн дүйнөдө коронавирус эпидемияси тараганда даана байкалууда. Бул болсо, коом үчүн биримдик жана кызматтыштык канчалык маанилүү экенин дагы бир ирет тастыктоодо.
Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын мүчөлөрү, 21-январда «Ислам – үй-бүлө, муун жана коомдун коргоочусу» деген кампанияны баштаганбыз. Бул кампания учурунда Түркиянын шаарларында 29 семинар жана лекцияларды өткөрдүк. Коронавирус эпидемияси жөнүндө 26 семинар өткөрдүк. Кампанияда үй-бүлөнү коргоо жаатында тилектештик билдирет деген ойдо бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар, вилаят жетекчилери, расмий өкүлдөр, журналисттер жана маалымат кызматкерлери менен байланыштык. Түпкү чечимдер жөнүндө пикир алмаштык жана кеңеш кылдык. Кампаниянын максаттары жөнүндө сүйлөшүп, колдоо көрсөтүүнү сурандык. Ушул чөйрөдө 547 жолугушуу уюштуруп, бул маселе боюнча 55 миң китепче тараттык. О.э. «Истамбул келишимин» жана №6284-мыйзамды жокко чыгаруу үчүн интернет аркылуу кол чогулттук, кол койгон 110 миң кишинин колдоосуна жетиштик.
Биз көптөгөн жакшы инсандардын колдоосуна жетишкенибиз үчүн Аллах Таалага мактоо айтабыз. Бизге тилектеш болгон, бизге өз эшиктерин ачкан, кампанияга катышкан жана чакырыгыбызга жооп берген бейөкмөт уюмдарга, идеологдорго, журналисттерге, академиктерге, устаздарга, урматтуу шейхтерге жана ушул кампанияга катыша албаган мусулмандарга ыраазалык билдиребиз. Аллах алардын баарынан ыраазы болсун.
Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын мүчөлөрү, дагы айтабыз, биз үй-бүлөнү, муунду жана коомду коргоо үчүн мусулмандар менен бирге аракет кылабыз. Биздин «Ислам – үй-бүлө, муун жана коомдун коргоочусу» деп аталган кампаниябыз бүткөн болсо да, проблема чечилбеген бойдон калды. Анткени Ислам турмушубуздун бардык тармагына өкүмдар болсо гана проблема чечилет. Дал ушул нерсе жүзөгө чыкмайын биз аракетибизди тынымсыз улантабыз. Мына ошондо бул өлкөлөргө Ислам кайра кайтат жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта коопсуздук, тынчтык жана саламаттык кайтат. Аллахтын уруксаты менен Расулуллах ﷺдын байрагы бийик көтөрүлөт. Эгер биз кайраттуу болсок жана аракетти токтотпосок, азиз жана колдоп-кубаттоочу Аллах бизге нусрат берет.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…