Басма сөз баянаты
Индия мамлекети Кашмирде туңгуюкка кептелди
Ал эми, Бажва-Имран режими Кашмирди азат кылуу үчүн куралдуу күчтөрдү ишке салуунун ордуна проблеманы чечип берүүнү сурап колонизатор мамлекеттерге кайрылууда
Индия мамлекети басып алынган Кашмирде өз чеңгелин бекемдөө үчүн дагы бир чабуул жасады. Ал эми, Бажва-Имран режими эски адатына ылайык, Твиттерде Индияны каралоону улантууда. Кудум алар бул твит аркылуу өз жоопкерчилигин аткарып жатышкандай. О.э. куралдуу күчтөрдү сапарбар кылууга милдеттүү бул режим – кудум анын вазыйпасы болуп жаткан окуяларды дүйнөгө жеткирүү болгондой – кабар таратуу менен чектелүүдө. О.э. ал жоопкерчиликти колго алууна сурап БУУдагы чоң күчтөргө, Америкага көз жаш төгүүдө, кудум алар Исламды кабыл алышкандай. Индия мамлекети 2020-жылы 31-мартта кашмирлик болбогон кишилерге айрым бир шарттуу талаптарды аткаргандан кийин Кашмир жарандыгын бериши туурасында кабар берди. Бийликтин төртүнчү тайпа кызматтарынан тышкары бардык жогору кызматтарда кашмирлик болбогон кишилер иштеши айтылды. Индия мамлекети 2019-жылы 5-августта Кашмир көз карандысыздыгын бекер кылып, Индиянын бир бөлүгүнө айланткан мыйзам кабыл алган. Кашмир эли болгон аракети менен бул нерсеге каршы чыгышты. Коменданттык саат жарыя кылынганына сегиз ай болду, камакка алуулар, кыйноолор жана курал жардамында жок кылуулар уланууда. Бирок Индия ал жердеги мусулмандарды Кашмирди Индияга кошуу токтомуна итаат кылдыра албады. Индия бийлиги көпчүлүгү мусулман болгон Кашмирдин демографиялык абалын мусулмандар этникалык азчылыкты түзгөн абалга өзгөртүүгө киришти. Бийлик мусулман да болбогон, кашмирлик да болбогон адамдарга Кашмир жарандыгын бере баштады… Мына ушундай жол менен Индия бийлиги өз өкүмдарлыгын бекемдеп алууну көздөп жатат.
Улуттук мамлекет деген түшүнүктү кабыл алган Пакистандын демократиялык капиталисттик режими «улуттук кызыкчылыкка» негизделген тышкы саясатын алып барууда. Ошондуктан колонизатор күчтөргө кайрылып, Кашмирдеги мусулмандардан жүз үйрүүдө. Пакистан мындай саясат менен эч качан Кашмирди азат кыла албайт. Бул ар бир көзү ачык жана аң-сезимдүү киши үчүн ачык-айкын көрүнүп турган чындык. Мусулмандар Халифалык мамлекетинде он үч кылымдан ашуун өз кызыкчылыктарын коргоп келишти. Халифалык мамлекетинин улуулугу ушундай бир даражага жеткен эле, халифа куралдуу күчтөрдү ишке салуу менен коркутушу эле айрым учурларда мусулмандардын кызыкчылыгын коргоого жетиштүү болгон. Аллахтын көз менен көрө албаган эң кичине маклуктарынын бири болгон коронавирус бүгүнкү дүйнөлүк түзүм жан берүү астында экенин жана дүйнөлүк экономикалык кризис жүз бериши анык экенин ачыкка чыгарды. Уйга сыйынгандар Кашмирде өз чеңгелин бекемдөө үчүн коронавирустан пайдаланып жатат, мусулмандар Халифалыкты кайра тикелөө үчүн мындай ыңгайлуу учурдан пайдаланып калууларына эмне тоскоолдук кылып жатат? Америка, Британия, Россия, Франция жана Кытай сыяктуу мамлекеттер коронавирустун жайылышы себептүү шал болуп, экономикасы кулоо алдында турганда мусулмандарды Халифалыкты тикелөөдөн эмне тосуп жатат?! Бүгүн Пакистанда Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөнүн жана Афганистанды, Орто Азияны, Жакынкы Чыгышты бириктирүүнүн убагы келди. Бүгүн региондо Умматка жан киргизүүгө жана козгоого жолтоо боло турган күч жок. Кашмир, Фалестин, Бирма жана Афганистан сыяктуу басып алынган мусулман өлкөлөрүн азат кыла турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктан башка мамлекет барбы?! Акылдуу киши колонизатор күчтөргө сокурларча малайлык кылып жаткан Бажва-Имран режимине үмүт артабы?! Бул режимден куралдуу күчтөрдү басып алынган Кашмирди азат кылууга сапарбар кылууну күтүү мүмкүнбү?! Эй Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү офицерлер, эмнени күтүп жатасыңар? Алга кадам шилтегиле жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн куралдуу күчтөрдү ишке салгыла!
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…