Басма сөз баянаты
Мухаммад Ятим!
Аллахтан корккунуң, макалаң Исламдын улуу фарзын жоюуда!
Оболу, Ислам саламы менен баштайбыз, ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. 2020-жылы 29-мартта «Ал-Жазира нет» сайтында «Ислам мамлекети идеясын жөнүндө талкуу: Исламда мамлекеттин үлгүсү барбы?» деп аталган макалаң жарыя кылынды. Макалада Халифалык жөнүндө жазып, тарыхтагы эң улуу мамлекеттин баркын түшүрүүгө аракет кылгансың. Бул мамлекетти Исламий Уммат өзүнүн Пайгамбары болгон саййидибиз Мухаммад ﷺдан мурас кылып алган. Бул мамлекеттин өзүнө таандык үлгүсү жана баарына маалым түзүмү бар. Бул мамлекеттин жетекчиси Расулуллах ﷺдын халифасы же момундар амири деп аталат. Бул мамлекетти тикелөө, бүтүндүгүн сактап калуу жана кеңейтүү үчүн улуу сахабалар өз жанын курман кылышкан. Тарыхта анын кубаты шейиттердин каны менен суугарылган…
Мухаммад Ятим, эгер сен Исламга чын дилден жан күйдүргөнүңдө, мамлекетти тикелөөдө Пайгамбардай аракет кылат элең. Мен сага факихтерге гана эмес, бүткүл Умматка белгилүү түшүнүккө айланып калган нерсени ырастап бермекчи эмесмин. Бир окуяны мисал кылып келтиремин. Бул окуя шек-күмөнсүз Халифалыктын сая кетиши канчалык кооптуу экенин жана бул иште суздук кылган кишинин күнөөсү канчалык үлкөн болушун тастыктайт.
Бул окуя саййидибиз Усман розияллоху анхуга байъат берүү учурунда болуп өткөн… Чыгарган өкүмү үчүн сын айткан базардагы аялга моюн сунуу менен мамиле кылган улуу сахаба саййидибиз Умар ибн Хаттабдын өлүмү жакындашканда ал киши мусулмандарга халифа кылып тандоо үчүн жаннат кабары берилген алты сахабанын талапкерлигин сунуштады. Аларга үч күн мөөнөт берип, каршы чыккандарды өлтүрүүнү буйруду. Ооба, эгер халифа шайлоодо убакыт созулуп кетсе, Умматтын эң жакшы адамдарын өлтүрүүнү буйруду. Умар ибн Хаттаб жаннат кабары берилген сахабанын канын төгүүнү халал десе, сахабалар сүкүт кылып туруштубу? Андан мурун дал ушул сахабалар Умарды биртке матаны ашыкча алып алды деп сындашкан. Бирок, алар Халифалык фарзын канчалык улуулугун, жада калса ал жандан да азиз экенин билишкени үчүн бул маселеде Умардын ишине сүкүт кылышты. Эй Мухаммад Ятим, эми элестетип көр, эгер сен саййидибиз Умар ибн Хаттабдын алдында болсоң жана ал киши сенин ушул макалаңды окуса, сени кандай жазага тартмак?
Бу Умматта Исламга чын дилден берилгенин көрсөтүп, кийин Исламий мамлекетти өз негизинен бөлүүгө чакырган жана аны башка мамлекеттердин катарына кошкон муун чыккан эмес. Андай нерсени Халифалык кулатылгандан кийинки доордо жашаган муун кылды. Анткени, алар душмандары алдындагы нерселерге азгырылышты жана колонизаторлордун сакафатынан таасирленишти. Натыйжада, колонизаторлордун олжосуна айлынышты. Кийин малай акимдердин залимдигине сүкүт кылышты жана аларга шерик болушту, Исламий Умматка жарашпаган шылтоолор менен актанышты.
Халифалык 1924-жылы кулатылды. Ошол доордо мамлекет Батыштын өнөр жайы көтөрлүүсү себептүү аскерий жактан алсырап, жеңилүүгө учураган. Аллах Таала Умматтын арасынан хазарат жана маданиятты айырмалай ала турган, Ислам менен ойгонуу жолун т.а. туура, таза жана жаркын жолду көрө ала турган кишини чыгарды. Бүгүн Халифалык Ислам Умматы арасында коомдук пикирге айланды жана Уммат бул иште жардам берип, аны тикелей турган кишилерди ынтызарлык менен күтүүдө.
Аллахтан корк, момундун жүрөгү кадыржам болбой турган сөздү айтуудан сактан. Илманий башкаруу түзүмүнө чакыруудан сактан. Аллах Таала бул түзүмдүн жетекчилерине көзгө көрүнбөгөн аскерлерин т.а. вирусун жөнөттү. Натыйжада, бул түзүм тең салмагын жоготуп, өз ишин аткара албай калды. Түндүктөгү кошуналарыңа т.а. европалыктарга кара, алар коркуудан калтырап, бөлүнүшүүдө жана жүрөктөрүндө үмүтсүздүк пайда болду. Алар айткан биримдик күндөн-күнгө ыдырап бара жатат. Натыйжада, алар келишимдерин бекер кылып, бири-бирин жардам бербей жатасың деп айыпташууда.
﴿تَحْسَبُهُمْ جَمِيعًا وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى﴾
«Аларды бир деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү» [59:14]
Эй Мухаммад Ятим! Биз сени мындай иштерден кайтууга, илманийликти таштоого, Батыштан жана анын түзүмүнөн жүз үйрүүгө чакырабыз. О.э. Уммат менен бир сапта туруп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө жардам берүүгө чакырабыз.
﴿إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ﴾
«Албетте Аллах ыйман келтиргендерди жана жакшы амалдарды кылгандарды жаннатка киргизет» [22:23]
Мухандис Салахиддин Азаза Хизб–ут-Тахрирдин
Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…