Генри Киссинжер: Коронавирус дүйнөлүк системаны бүтүндөй өзгөртөт
Ал-Жазира сайтында хижрий 1441-жылы 11-шаъбан, миладий 2020-жылы 14-апрель күнү жарыяланган кабарда мындай делет:
«АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер «Уолл-стрит жорнал» гезитине берген интервьюсунда: «Коронавирус дүйнөлүк системаны бүтүндөй өзгөртөт», – деди.
Анын айтымында, жаңы коронавирус тарашынын саламаттыкка жеткирген зыяны убактылуу болушу мүмкүн, бирок ал баштаган саясий жана экономкиалык башаламандык көптөгөн муундарга чейин созулушу мүмкүн.
Киссинжер АКШ администрациясын ушул эпидемиянын акыбеттерин ички жана глобалдуу масштабда чечүүнү камтыган үч негизги багытка көңүл бурууга чакырды:
Биринчи багыт: илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү аркылуу дүйнөнүн жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү жөндөмүн күчөтүү керек.
Экинчи багыт: бул эпидемиянын тарашы акыбетинде глобалдуу экономикага зыян жеткирген о.э. тездиги жана көлөмү жагынан адамзат мурун жолуктурбаган мындай эпидемияны жоюуга туруктуу аракет кылуу зарыл.
Үчүнчү багыт: АКШ администрациясы либералдуу эл аралык эрежелерди коргошу шарт.
Киссинжер сөзүн минтип аяктады: «Учурда дүйнө жетекчилери туш келип жаткан тарыхий күрөш – бул кризисти тизгиндөө, ошол эле учурда, келечекти куруу. Бирок, бул күрөштө жеңилүү дүйнөнү өрттөө менен барабар»».
Роя гезити:
АКШ жана башка капиталисттик мамлекеттердин коронавирус пандемиясы кризисине карата мамилеси жаңы бир абалды пайда кылды. Т.а. капиталисттик мамлекеттердеги калктардын бул бузгунчу түзүмгө карата нааразылыктары дагы да күчөп барууда. Себеби, бул мамлекеттерде алып барылып жаткан экономиканы куткаруу саясаттары байлыктардын бир ууч кишилердин колунда топтолуп, кембагалдардын дагы да жакырлашуусуна алып барууда. АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы жана саясат түлкүсү Генри Киссинжер бул нерсени бүтүндөй түшүнүп жетти.
Бирок, ал башка бир чындыкты түшүнбөй жатат, ыктымал жаңылып да жаткандыр. Ал да болсо, бүгүнкү күндө Аллах Субханаху ва Тааланын жардамы менен бүткүл дүйнө даярданып, күтүп турган түзүмдүн тикеленишине аз калган. Бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мисалындагы Ислам түзүмү. АКШ жана ири мамлекетерди тикеленишинен эскертип жаткан Киссинжер каалабаса да о.э. айып кемчилиги жана капиталисттик түзүмдүн жасалмалуулугу ачылып калган мамлекеттер каалашпаса да, Ислам түзүмү шексиз тикеленет.
Роя гезити, №281, 2020-жыл, 8-апрель.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…