Европада Россия газынын баасы арзандап кетти. Кыргызстанда болсо тескерисинче кымбаттады
“Интерфакс” агенттигинин 31-марттагы кабарына таянсак, Россиянын Европага экспорт кылып жаткан газынын баасы миң кубометр үчүн 80 долларга түшкөн. Дүйнөлүк бзарда нефтинин баасы дээрлик 60%га арзандады. Былтыр бир баррель нефтинин баасы 60-70 доллардын тегерегинде сатылып жаткан. Быйыл март айынан баштап анын баасы дээрлик 60%га арзандап, 25 доллардын тегерегинде сатылууда. Дүйнөдөгү энергетикалык тенденцияга ылайык, нефтин баасы арзандашы газдын баасын да түшүрүп жиберди. Россия аталган энергоресурстарын дүйнөдө арзан баада сатып жатат.
Бирок, Россия Кыргызстанга сатып жаткан газдын жана нефть продукцияларынын баасын түшүрбөдү. Тескерисинче, кымбаттады! Россия Өзбекстан газын Кыргызстан жарандарына 221$ доллардан (учурдагы курс боюнча 17600 сом), ишканаларга 267 доллардан (21300 cомдон) сатып жатат.
Белорусия Россиядан миң кубометр газды 127 доллардан алып жатканына нааразы болуп, газды 45 долларга түшүрүп беришин катуу талап кылды.
Кыргызстан Россиянын “Газпром” компаниясына өлкөдөгү газ тармагын 1 долларга сатып жиберген. Бул тарыхый кыянат – саткын бийлик өз креслосун элдин кызыкчылыгынан жогору коюшунун натыйжасында жүз берген. Натыйжада, бийлик өз жарандары үчүн газдын баасын арзандатууну суранууга да батынбайт. Россия (Газпром) болсо Кыргызстан жарандары алдында эч кандай жоопкерчиликти мойнуна алган эмес. Демек, Газпромдон талап кылууга Кыргызстан бийлиги гана жоопкер! Биз газдын баасын дүйнөлүк баа боюнча өзгөрүп туруучу кылып арзандатып беришин өкмөттөн талап кылышыбыз керек!
Учурда Тажикстан Өзбекстандан газдын миң кубометрин 120 доллардан сатып алууда. Кыргызстан бийлиги болсо, ошол кезде Газпром менен тил бириктирип, Өзбекстан менен келишпестик пайда кылышты. Бир нече күнгө өзбек газын токтотуп коюу менен жогорудагы кыянаттык келишимин түзүштү. Бул мамлекеттер аралык өтө чоң шылуундуктун бири эле.
Исламий өлкөлөр бири-бирибиз менен келише албаган кызыкчылыктарыбызга куфр дүйнөсүнүн жетекчилери аралашып, наыйжада эки тарапты тең тоноп жатат. Россия Өзбекстан газын түздөн-түз өзү өндүрүп алат. Өзбек газын дүйнөлүк баадан бир нече эсе кымбат сатуу менен бизди да тоноп жатат.
Кыргыз бийлиги болсо коронавирус дүрбөлөңү артына жашынып, элдин алдындагы милдеттерин аткаруудан баш тартып келет. Бүгүнкү күндө карантин абалында да газдын баасы асманда. Жарандар үй камагында отурууга мажбурланышууда. Бирок, өкмөт газды убактылуу бекер берип турмак түгүл, баасын арзандатуу жөнүндө ойлонууга да жол бербей жатат. Негизи, Кыргызстан калкынын жашоо деңгээли Европа жарандарына караганда он эсе төмөн!
Абдураззак Муъмин.