Америка континенти

АДАМ ӨМҮРҮ АКЧАСЫНА КАРАП БААЛАНГАН ЗАМАН

Aдам өмүрү акчасына карап бааланган заман

Ар кандай идеология медицина (калк саламаттыгы) маселесин өз көз карашына ылайык чечет. Биз учурда капитализм (демократия) системасында жашап жаткандыктан, демократиянын үлгүсү болгон АКШдагы медицинаны карап чыгалы. Капитализм элдин ооруга чалдыгуусун экономикалык проблема деп карайт, мунун жаркын мисалын АКШдан көрө алабыз.

Америкада адамдардын медициналык абалы өтө оор десек жаңылышпайбыз. АКШ бул маселени камсыздандыруу аркылуу чечүүгө аракет кылды. Америкада медициналык кызмат абдан кымбат болгондуктан, адамдар камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүшөт. Камсыздандыруунун бир айлык эң минимум төлөмү 100 доллардан башталат, ары жагы чексиз. Кандайдыр бир ооруга чалдыксаңыз, дарылануунун болжол менен 80%ын камсыздандыруу компаниясы төлөйт, калганын өз капчыгыңыздан төлөйсүз. Бирок, камсыздандыруу бардык дарыланууларды эле камтый бербейт. Мисалы, стоматолог, офтальмолог, педиатр жана психиатрдын кызматтары камсыздандыруу келишимине кирбейт. Ошондой эле, эгер сиз камсыздандыруунун минимумдук же орточо баадагы келишимин түзгөн болсоңуз, анда кымбат баадагы дарыларга жана оор операцияларга камсыздандыруу компаниясы каражат бөлбөйт, өзүңүз акча төлөйсүз.

Андан тышкары, медициналык камсыздандыруу келишимин түзүү жеңил өтпөйт. Анткени, көп учурда камсыздандыруу компаниялары рак менен ооругандар, же улуу жаштагылар, же өнөкөт оорусу бар адамдар менен келишим түзүүнү каалашпайт, келишим түзүшсө да камсыздандыруунун төлөмү абдан жогору болот, андай төлөмгө көпчүлүк америкалыктардын кудурети жетпейт. Ошондуктан, Америкада улуу жаштагылардын жана өнөкөт ооруга чалдыккандардын медициналык камсыздандыруусу жок.

Эгер, сиз капыстан кырсыкка учурап эсиңизден танган учурда тез жардам келип, сиздин камсыздандыруу келишимиңизде көрсөтүлбөгөн башка ооруканага алып кетсе, дарылануунун бардык каражатын өзүңүз төлөйсүз. Себеби, сиз камсыздандыруу компанияңыз көрсөткөн ооруканага барып дарыланышыңыз шарт, ошондой эле, камсыздандыруу компаниясы көрсөткөн дарыканага, дарыгерге кайрылууңуз керек.

Камсыздандырылбагандардын абалы андан жаман. Бүгүнкү күндө АКШда калктын 10-15%ы дале камсыздандырылбаган бойдон калууда. Вакыйлык түшүнүктүү болушу үчүн ушуну айтам, камсыздандырылбаган адам тез жардам чакырса, бул кызматтын төлөмү 1000 доллардан ашат, кээ бир учурларда абалга байланыштуу 5000 доллардан да ашат. Ошондуктан, катуу ооруп же кырсыктап калсаңыз үлкөн төлөмдү күтө бериңиз. Бул өтө чоң чыгашаларга алып келет. «Медициналык төлөмдөр – АКШда жеке адамдардын банкрот болуусунун тең жарымына себеп болууда». («Republic»). Гарвард иликтөөсү боюнча, 2009-жылы медициналык камсыздандыруусу жок болгондуктан 44 800 адам дүйнөдөн кайткан. («American Journal of Public Health»). Ушинтип, камсыздандыруусу жок америкалыктар медицина кызматы өтө жогору болгондуктан дарылангандан көрө өлгөндү тандоого мажбур болушууда.

Азыр коронавирус жайылган учурда Америкада медициналык кызматтын баалары асман тиреши күтүлүүдө. «FAIR Health уюмунун эксперттери ушундай жыйынтыкка келишти – Covid-19 диагнозу аныкталган камсыздандырылбаган америкалыктар алтын күндүк дарыланууга болжол менен 73 300 доллар төлөшүнө туура келет». («CNBC», 01.04.20). Американын бул телеканалы дагы мындай дейт: «Камсыздандырылган америкалыктар төлөмдүн кандайдыр бир бөлүгүн (орточо 21 936 доллардан 38 755 доллар) төлөөсүнө туура келиши мүмкүн». Жогоруда айтылгандай, капитализм бул маселеге экономикалык проблема деп карайт. Мындан улам, адамдардын өмүрүн сактап калуу биринчи орунга чыккан жок, маселе экономикалык жолдор менен чечилмей болууда. Ошон үчүн, Трамп «200 миң америкалык өлсө чоң ийгилик болот» деп жөн айтпаган чыгар. Башкача айтканда, акчасы жоктор дарыланууну күтпөсө да болот.

Бул оор учурда CNBC каналы америкалыктарга мындай каалоо жолдоду: «Эксперттер баса белгилешкендей, көпчүлүк америкалыктар үчүн медициналык чыгашаларды үнөмдөөнүн эң жакшы жолу – бул ден соолукта болуу». Бул сөзгө кошумча да, алымча да кыла албайсың, накта капиталисттик сунуш. Акчаң жокпу – ооруба!

Ушул жерден мусулмандарга кайрылат элем. Биздин теңдешсиз Исламыбыз бар, медицина тармагын гана эмес, экономикалык, социалдык жана башка тармактарды эң мыкты жолдо чечкен өкүмдөрү бар. Бул өкүмдөрдү колдонуу мусулмандарды гана эмес, адамзатты бактылуу кылууга кудуреттүү. Албетте, Халифалыксыз бул өкүмдөрдү иш жүзүндө толук колдонуу мүмкүн эмес. Андыктан, Халифалыкты тикелөөгө ашыгалы.

Харун Абдулхак

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

18 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

3 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

3 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago