Карантинге байланыштуу үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү
Коронавируска байланыштуу карантинге алынган өлкөлөрдө үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.
Гуттериштин айтымында, аял затын алар үчүн эң коопсуз болушу керек болгон жай – үйүндө коркунуч күтүүдө. Экономикалык жана социалдык басым менен коркунуч күчөгөн сайын үй-бүлөдөгү зомбулук үрөй учурарлык жайылып жатат. Айрым өлкөлөрдө жардам берчү кызматтарга кайрылган аялдар эки эсе көбөйгөн. Зомбулукка кабылгандарды колдогон жергиликтүү уюмдар ар бир жабыркаган адамга жардам берүүгө үлгүрбөй жатат.
Түпкүлүгүндө, Батыш өлкөлөрү аял затына карата зомбулук кылууда карантинге чейин эле үрөй учурган статистикаларды чыгарып келген. Маселен, USA Today басылмасы жазышынча, Голивудда иштеген аялдардын 94%ы сексуалдык зомбулукка кабылганын билдиришкен. АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. Мындан тышкары, жылына миллион кыз аборт кылдырат. Францияга келсек, 4 миллион француз аял же аялдардын 12%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу зордукталганын айткан. Ал эми ар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт. Германияда ар 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулукка учурайт, 2017-жылы эки же үч күндө бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Демек, Гутерриштин айтымында бул көрсөткүчтөрдүн расмий катталганы эки эсе өскөн. Аялдардын мындай кор болушунун себеби капитализмдин (демократиянын) аял жөнүндөгү көз карашына байланыштуу. Капитализм аял затына дене ырахатын кандыруучу товар катары көрөт. Ошондуктан, капитализм аялдан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууну көздөйт. Бул көз караш адамдарды аялдарга ар кандай түрдө зомбулук кылууга үндөшү табигый. Демек, жогоруда айтылгандай, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт.
Мындан тышкары, пандемияга айланган вирусту дабалоодо да капитализм алсыздыгын көрсөтүп, көйгөйлөр дагы да артып жатат. Триллиондогон доллар жардамдар карапайым калкты коргоо үчүн эмес ири ишкерлерди, капиталисттерди колдоо үчүн ажыратылып жатат.
Көрүнүп тургандай, бул абал капитализмдин кулашына ишара кылууда. Негизи капитализмди кулата турган фактор коронавирус эле эмес, болгону, коронавирус болгону анын кулашын тездетип, чыныгы жүзү ачылышына көмөкчү болууда. Капитализм түзүмү кулаган соң, анын ордун албетте Ислам түзүмү ээлейт. Себеби, Исламдан башка альтернативалык түзүм жок. Өзгөчө, Ислам калкы – Исламдын эл аралык жашоо сахнасына кайтып келишин – мурда болуп көрбөгөндөй бир күчтүү үмүт менен каалап жатат.
Мумтаз Маверанахрий
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…