Чеченстанды басып алган жана Шамды урандыга айланткан Россия Фалестинди куткарабы?!

341
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Чеченстанды басып алган жана Шамды урандыга айланткан Россия Фалестинди куткарабы?!

Исламий Жихад кыймылы Россиянын «кылым келишимин» каралаган позициясын жогору баалады. Кыймылдын билдирүүсүндө анын төрагасы Зияд Нахаланын Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москвада өткөргөн жолугушуусу «оң натыйжалуу» болгону айтылды. Андан мурун кыймыл делегациясы Россия президентинин кеңешчиси Богданов менен жолугушуп, ага «кылым келишимине» каршы күрөштө Фалестин тилектештиги өтө зарыл экенин билдирген.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Фалестин маалымат бөлүмү өз сайтында билдирүү чыгарып, Фалестин каршылык кыймылдарын, айрыкча, исламий каршылык кыймылдарындагы калыс кишилерди душман Россиядан сак болууга чакырды. Аларды Москвадагылардын жылмаюуларына, Кремлдегилердин кабылдамаларына алданып калбоого чакырып, бул Россиянын жүзү эместигин, балким, анын негизги жүзүн ойрондуга айланган Шамда жана мусулмандардын чачылган денелеринде, яхудий вужуду менен тынымсыз жолугушууларында көрүү мүмкүн экенин баса белгиледи. Билдирүүдө душмандан ар кандай жардам суроо – Фалестин маселесин текке кетирүү, шариятка каршы чыгуу, саясий жактан өз өмүрүнө кол салуу экени баса белгиленди. Россия яхудий вужудун колдоп-кубаттап жаткан мамлекеттердин биринчилери. Анын Трамптын келишимине каршы экендиги туура да деп элестетели. Бирок, мунун тушунда ал «эки мамлекет» долбоорун ишке ашырууну талап кылып жатат. Негизи, бул долбоордун да кылмышы Трамптын келишиминен калышпайт. Бул согуштук топтор «эки мамлекет» чечимин туура деп, Трамптын келишиминен жакшыраак деп ойлоп жатышабы?!

Билдирүүнүн соңунда Аллал Тааланын ушул сөзү айтылды:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاء بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاء بَعْضٍ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللَّهَ لاَ يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾

«Эй момундар, яхудийлерди жана насронийлерди дос тутпагыла! Алардын айрымдары айрымдарына дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коумду хидаят кылбайт»                                                                                               [5:51]

 

Роя гезити, №278, 2020-жыл, 18-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here