Шам козголоңу мамлекеттердин позициясы жана саясий алдоо ортосунда

381
0

Шам козголоңу мамлекеттердин позициясы жана саясий алдоо ортосунда

 Устаз Ахмад Муаз калемине таандык

Аң-сезимдүү саясий кишилер кызыкчылыктар өкүмдар болгон азыркы заманда эл аралык позициялардын маңызын, анын себептерин о.э. катардагы адамдар көрө албаган жашыруун максаттарды көрүп турушат. Катардагы адамдар саясатка жана анын оюндарына кызыгышпайт, болуп өткөн нерселерди тезинен унутушат. Ошондуктан, азыркы абалга алып келген мурдагы позицияларды да тез эле унутуп, «чоң-чоң сөздөргө» оңой эле ишене турган болуп калышты. Негизи, бул сөздөр ар бир эл аралык позициянын негизги максатын жаап турган кара булуттан башка нерсе эмес. Буга мисалдар көп, айрыкча, бүгүн капиталисттик демократиялык түзүмдүн өкүмдарлыгы астында бул саясий алдоо деп айтылат. Себеби, бул түзүм ач көз капиталисттердин кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн калктарды куру кыялдарга туш кылат, баарын алдайт.

Темага мындай киришип жатканыбыздын себеби ушунда, бүгүнкү күндө Шамда эмне болуп жатканын түшүнүп алышыбыз керек. Шам калкы, айрыкча, бир буту көрдө турган жана тарыхта эң карамүртөз кылмышкер катары жазылып жаткан режимге каршы козголоң көтөргөндөр о.э. Сирия калкы жана баарыбыз ушуну түшүнүп алалы, мамлекеттер ортосундагы бул саясий оюнду сезим-туйгулар жана адеп-ахлак чечкен жок. Жок, бул оюнда кызыкчылык жана пайда роль ойноп жатат… Козголоң башталганына тогуз жыл толушу алдында турсак да, бул канкор режимдин Сирия калкына каршы жасап жаткан ушунча кымыштары да, алыс-жакындагы душмандын азаптары да, чоң-кичине душмандардын тил бириктирүүлөрү да бул кызыкчылыгын ойлогон оюнчуларды таптакыр кызыктырбайт.

Сирия козголоңу анык максатты алга коюп башталды. Бул максатты козголоңчулар «калк режимди кулатууну каалайт» деген ураан аркылуу билдиришти. Алар муну менен Сирия жана региондогу кара доор түп тамырынан өзгөрүп, жаңы доор башталышына үмүт тартуулашты. Мусулмандар бул өзгөрүү талабын Тунистен баштап, Мисир, Ливия, Яман бойлоп бир нече мамлекеттерден башташты. Кийин Судан, Алжирде да башталып, ал башка мусулман өлкөлөрүндө да – Аллах уруксаты менен – шексиз уланышын көрсөтүштү.

Ошондуктан, бүткүл мамлекеттер башка козголоңдорду эмес, Сириядагы Уммат козголоңун жок кылууга жапырылышканын көрдүк. Эмне үчүн, себеби, Шам акыйдавий өлчөөгө ээ болуп, чечим жана ойгонуу борбору. Ал жердеги козголоңду кыйратууга бүткүл куфр тил бириктиргенин, мамлекеттер аралашып, бир тараптан козголоңго каршы күрөшкөнүн, экинчи тараптан козголоңчуларды жалгыздатып коюшканын баары көрдү. Ушул ниетте бир катар конференциялар жана келишимдер түзүлгөнүнө баары күбө болду. Булардын бары козголоңду режимди кулатуу максатынан чалгытууга багытталды. Бул конференциялар Женевада аяктаган жок, Астанада уланып, Россия менен Түркия тил бириктирген Сочиде аяктады. Бул каргаша Сочи келишими айрым адамдарды алмаштырып, режимди өзгөрүүсүз сактап калуу болгон АКШнын саясий чечимин ишке ашыруу үчүн дарбаза кызматын өтөдү жана дагы эле ушундай болуп турат. Албетте Шам калкы мындай чечимге башынан эле каршы чыгышты жана режимди кулатуу максатында козголоңду улантууда бекем турушту. Мунун артынан Сочи келишими элдин нааразылыгына себеп болду жана ушул нааразылыкты билдирген ири саясий аракеттер башталды. Ошондо бул мамлекеттер Сочи келишимин элдин талабына айлантуу максатында стратегияларын өзгөртүштү. Бул үчүн азат кылынган региондорду жок кылып, Асад жана Иран согушкерлери алдында о.э. Россия бомбалары астында согушкер топторду чегинтүү көздөлдү, акыбетте, жүз миңдеген адамдар көчүрүлдү, козголоң чеби болгон региондор режимге тапшырылды. Мунун артынан Түркиянын аралашуусу башталып, ири массалык маалымат каражаттары дүрбөлөң көтөрүштү. Айрыкча, орус самолёттору түрк аскерлерин кыргын кылышы артынан Түркия расмийлери Асад согушкерлерине каршы Сирияга кирери туурасында билдирүү беришти. Түркия күчтөрү режимге каршы соккуларды берип, көптөгөн офицерлерин жана аскерлерин өлтүрүштү, техника жана жабдууларын ойрон кылышты. Түркия режими өз аскерлери үчүн өч алууга убада берди, президент Эрдаган Асад режиминин жасаган кылмыштары үчүн эсеп суроо үчүн белгиленген февраль мөөнөтү жакындашып жатканы туурасында билдирүү берди. Т.а. Эрдаган Иран президенти Руханий менен өткөргөн телефон сүйлөшүүсү учурунда: «Саясий чечим – Сирия кризисине чекит коюунун жалгыз жолу», – деди! Ушул кыска билдирүү Түркиянын позициясы кандай экенин көрсөтүп турат. Түркия режими башка эл аралык оючулар менен биргеликте козголоңду жок кылууну улантып жатканы жана Сочи келишими элдин талабына айланган учурда, саясий чечимди ишке ашырышы ар кандай адамга ачык-айкын болууда.

Бул жерде суроо пайда болот: ушул убактагы согуштардын негизги акыйкаты ачык болгондон кийин эми эмне болот, түрк режиминин Шам калкына берген убадалары акыйкатпы, ушундай окуялардын тушунда козголоң кербени кайда алып барат?!

Акыйкат – өтө кымбат баалуу нерсе. Ошондуктан, акыйкат айкын болбошу үчүн аны сансыз алдоо жана жалгандар менен жаап жашырып жатышат. Ал тургай, тышынан караганда гуманитардык жардамдар болгон, түпкүлүгүндө, чечимибизди көзөмөлгө алуу жана Эрдаган каалагандан да чоңураак чектөө болгон акыйкатты жашырып жатат. Ошондуктан, канчалык ачуу жана оор болбосун, акыйкатты айтуу биздин мойнубузда. Учурда Сирияда Сочи келишимин анын курмандарынын көзүнө башкача кылып көрсөтүшмөкчү. Т.а. калк четке каккан тил бириктирүүнү калк талап кылган чечимге өзгөртмөкчү болуп жатышат. Азыркы согуштар Сочиде келишилген аймактар үстүндө болуп жаткан болсо, чечимди эки союздаш Түркия-Россия ишке ашырып жатат. Сирия калкы Түркиянын аралашуусу козголоңдун пайдасына болуп жатат, Дамасктагы канкор режимди кулатуу максатына алып барат деп үмүт кылып жатат. Ушул себептен улам, козголоң кербени, эгер калыс адамдар аракет кылышпаса, өтө кооптуу жолдо бара жатат. Негизи, анын жетекчилик рулун башкаруу жана токтомдорду кайра алып берүү калыс кишилердин колунан келет. Бул болсо, өз токтомун кара ниет мамлекеттерден жана алардын уюмдарынан куткарып алууга кудуреттүү Шам калкынын өзүнө байланыштуу.

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Аллах Ага жардам бергендерге нусрат берет. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                                                                [22:40]

 

Роя гезити, №277, 2020-жыл, 11-март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here