Жаңылыктар

Аллахтын адамдарга жөнөтчү балээси

Аллахтын адамдарга жөнөтчү балээси

Коронавирус пандемиясын кээ бир мусулмандар “Бул Аллахтын сыноосу” дешсе, дагы бирөөлөр “бул Аллахтын жазасы” дешти, айрымдар “Аллахтын балээси” деп айтышты. Дин душмандары болсо, бул тема боюнча адамдар арасындагы күңүрттүктү байкашкан соң, ушул теманы чукулай турган болуп алышты.

Ошондуктан, бул пикирлерге тунуктук киргизүүгө аракет кылууну туура таптым.

Бул үчүн, эң оболу жогоруда айтылган айрым сөздөрдүн терминдик маанилерине айкындык киргизип алуу керек.

“Сыноо” (имтихан) терминине келсек, “Бул дүйнө – сыноо дүйнө” дейбиз. Бул термин түшүндүргөн маани нусустарда “балээ”, “фитна”, “имтихан” сөздөрү менен келген. Бирок, термин катары “имтихан” сөзү кабыл алынган жана ал биздин тилге “сыноо” деп которулуп, терминдик мааниде да ушул сөз колдонулат. Ошондуктан, “балээ дүйнө” же “фитна дүйнө” дебейбиз, “сыноо дүйнө” дейбиз. Ал эми, пандемиянын сыноого тиешелүүлүгүнө келсек, ырас, бул дүйнө сыноо дүйнөсү болгон соң, демек, коронавирус пандемиясы да адамдардын ыйманын, иш-амалдарын текшериш үчүн Аллахтын берген сыноолорунан болуп саналат. Ким бул окуя ириминде Исламий акыйдага байланса, шариятка ылайык амалдарды кылса, сооп алат. Демек, пандемиянын сыноо экендиги талашсыз.

Ал эми “Аллахтын жазасыбы” деген суроого келсек, мында “жаза” сөзүнүн терминдик маанисин тактап алууга зарылдык бар (лексикалык маанилерине токтолуп олтурбайбыз). Терминде шаръий жаза-чараларга жана ахиреттик жазаларга “укубат” сөзү иштетилет. Мисалы, араккечтин хады, өлтүргөндөн өч алуу, кыз ала качуунун таъзири сыяктуу шаръий укубаттар Аллахтын жазалары болуп эсептелет. Мындай кылмыштарды кылган кишилер бул дүйнөдө жазаларын албай калса, жазалары ахыретке калат. “Укубат” термини биздин тилде терминдик мааниде “жаза” деп колдонулат. Демек, терминдик жактан коронавирус пандемиясы сыяктуу окуялар “жаза” деп аталбайт.

Ооба, Аллах Тааланын кайсы бир пендени же адамзат коомдорун бу дүйнөдө шаръий жазалардан башка бир балээлер менен да жазалагандыгы тууралуу тууралуу нусустар бар. Мисалы, Аллах Таала фираун, Абу Лахаб сыяктуу адамдарды балээлер менен жазалаган о.э. Нух а.с.дын коомун топон сууга алдырган, Ад коомуна бороон жөнөткөн, Самуд коомун чагылган менен кыйраткан ж.б.у.с. О.э. нусустарда пенде же пенделер коому Аллахтын каарын келтире турган амалдарды кылса, аларга Аллах тарабынан жаза катары балээлер жөнөтүлөрү да кабарланган. Бирок, мындай көрүнүштөр “жаза” терминине түшпөйт б.а. алар дунявий же ухровий жаза-чаралар эмес.

Ошондуктан, мындай жазалардын “балээ” термини менен аталышы туура болот.

Эми суроо туулат: коронавирус пандемиясы Аллахтын пенделерге жөнөткөн балээсиби? Аны “Аллахтын балээси” деш үчүн жазм хужжат керек болот. Маселен, Фираунга, Ад коомуна Аллахтын балээси келген дей алабыз. Анткени, алар тууралуу Куранда жазм хужжаттар келген. Аны акыркы Пайгамбар алып келген. Азыр Пайгамбар жок жана кыяматка чейин пайгамбар болбойт. Демек, коронавирус пандемиясы сыяктуу окуяларды жазм түрдө “бул Аллахтын балээси” деп айта албайбыз. Бирок, мындай окуяларды “ал Аллахтын балээси болушу мүмкүн” деп айта алабыз, анткени, бул тууралуу көптөгөн нусустар келген.

Мисалы, Аллах Таала “Рум” сурасынын 41-аятында айтат:

ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

– Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да фасад-балээлер пайда болду. (Бул балээлер адамдар кылып жаткан күнөөлөрүнөн) кайтуусу үчүн, аларга (өздөрү) кылган айрым күнөөлөрүнүн (жазасын) таттырып коюу үчүн (жиберилген).

Ушундай нусустарга ылайык, коронавирус пандемиясына карата мусулмандар “Бул Аллахтын бизге жөнөткөн балээси болуп калбасын” деп коркушу керек. Мындай учурларда, Аллахтын каарын келтире турган иштерге каршы чыгып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышы керек. Мына ушунда, мусулман адам бул сыноону жеңип өткөн болот (эгер өлүп кетсе, шахиддик мартабасына жетишет). Ал эми, кафирлер жана күнөөкөрлөр өз күнөөлөрүн уланта беришсе, алар бул сыноодо уттурушат жана бул аларга Аллахтын балээси болот.

Акылдууга ишара жетиштүү демекчи, акылыңыздарга төмөнкү хадистер сунушталат:

Абдуллах ибн Умардан риваят кылынат: Расулуллах A биздин алдыбызга келип: «Эй мухажирлер жамааты, беш нерсе бар, алар менен балээленсеңер кандай абалда калар экенсиңер. Силер аны менен балээленишиңерден Аллахтан баанек сураймын: Бирер коомдо фахишалык (жыныстык бузукулук) кең жайылып кетсе, аларда тоун жана ата-бабаларында болбогон ооруулар көбөйөт. Бирер коом өлчөө жана таразадан уруп калса, алардын башына ачарчылык, кыйынчылык жана жетекчинин жабыры келет. Бирер бир коом малдарынын зекетин бербей койсо, аларга асмандан жамгыр жаабай коёт, эгер айбандар болбогонунда, аларга эч жамгыр жаабай коёр эле. Бирер коом Аллахка жана Расулуна берген убадасын бузса, Аллах алардын үстүлөрүнө өздөрүнөн башка (бөлөк бир) душмандарын өкүмдар кылып коёт. Алар ошол коом ээлик кылган нерселердин айрымдарын тартып алышат. Бирер коомдун жетекчилери Аллахтын Китеби менен өкүм жүргүзбөсө, алар Аллах түшүргөн нерсени ыхтыяр кылышпаса, Аллах аларды өз ара уруша турган кылып коёт» (Ибн Маажа риваяты).

 

«Аллах жалпы элди – качан жаман ишти кайтарууга кудуреттүү болуп туруп, анын өз алдында болуп жатканын көрүп туруп, андан кайтарбай турган даражага жетмейинче – айрым жеке адамдардын кылган иши себептүү азаптабайт. Эгер ушундай кылышса (т.а. жаман иштерди көрүп-билип туруп кайтарышпаса) Аллах бүт баарын азаптайт». (Имам Ахмад риваяты).

«Жаным колунда болгон Затка ант, силер албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар. Антпесеңер, Аллах силердин үстүңөргө Өз алдынан бир жаза жиберет, кийин дуа кыла бересиңер, (бирок) дуаңар кабыл алынбайт». (Имам Термизий риваяты).

Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирсин, мындан чоңураак балээлерге тушуктурбастан туруп туура жолуна баштасын, сабыр берсин, нусратына жетиштирсин

Алхамдулиллахи роббил ааламийн

Абдулхакийм Караханий

turkistonkg

Recent Posts

Сирияда эмне болуп жатат?

Сирияда эмне болуп жатат? Сирияда 27-октябрдан тарта мусулмандарды кубанткан окуялар жүз берүүдө. 2020-жылы Орусия-Иран-Түркия ортосунда…

13 hours ago

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда…

18 hours ago

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…

2 days ago

Тоң моюн душман

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктап, анын буйруктарын аткарууга даяр экенин билдирди

Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…

2 days ago

Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын байлыктарын коргогон Ислам мамлекетине кайтарууну талап кылат

Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…

2 days ago