Жаңылыктар

Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондунан жардам сурады

Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондунан жардам сурады

 Президент Сооронбай Жээнбеков 26-мартта Эл аралык Валюта фондунун (ЭВФ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугуп, ЭВФтен финансылык жардам сурады.

 Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Коронавирус инфекциясынын Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган коркунучтары жана кесепеттери, ошондой эле аларды алдын алуу үчүн финансылык жардам маселеси боюнча пикир алышуу болгон.

 ЭВФтин өкүлү Тигран Погосян   Фонд коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам экономикалык жактан жапа чеккен өлкөлөрдү каржылоо инструменттеринин алкагында чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын караштырып жаткандыгын билдирди.

Жардамдын көлөмү айтылбады, бирок өкмөттөгү булактардын билдиришнче 125 миллион доллар жөнүндө сөз болууда.

 Мындан тышкары, Соронбай Жээнбеков ошол эле күнү Азия өнүктүрүү банкынан жана Евробиримдиктен финансылык жардам сурады.

 Вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 26-марттагы маалымат жыйынында, коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экендигин билдирди. Ал арада өлкөнүн Экономика министрлиги менен Финансы министрлиги бюджеттин толбой калуу коркунучун санап жатат. Азырынча 28 миллиард сомго (350 миллион доллар) чейинки каражат түшпөй калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

 Комментарий: Негизи Кыргызстандын экономикасы коронавирус пандемиясы башталганга чейин деле жакшы абалда эмес эле. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева 2019-жылдын 28-октябрында берген билдирүүсүндө 2020-жылы бюджеттин дефицити 9 миллиард 953 миллион сом (142,5 миллион доллар) болорун айткан. Туура, коронавирус коркунучу жана бул коркунучтун дүйнөлүк дүрбөлөңгө айландырылышы көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде, ансыз деле начар абалда болгон Кыргызстандын экономикасын ого бетер начарлатууда.

Бардык нерсени материалдык пайданын үстүнө курууга негизделген Эл аралык валюта фонду же башка уюмдар жардам жана карыздарды жөн эле берип коюшпайт. Берилип жаткан жардамдардын акысына ар бири өз кызыкчылыгына ылайык шарттарды коюшу табигый. Негизи бул илдетке, эч кандай карыз албастан, ички ресурстардан туура пайдалануу менен каршы туруу мүмкүн эле.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Сирияда эмне болуп жатат?

Сирияда эмне болуп жатат? Сирияда 27-октябрдан тарта мусулмандарды кубанткан окуялар жүз берүүдө. 2020-жылы Орусия-Иран-Түркия ортосунда…

13 hours ago

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда…

18 hours ago

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…

2 days ago

Тоң моюн душман

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктап, анын буйруктарын аткарууга даяр экенин билдирди

Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…

2 days ago

Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын байлыктарын коргогон Ислам мамлекетине кайтарууну талап кылат

Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…

2 days ago