Жаңылыктар

А. Камилов АКШ менен Талибандын келишүүсүн “өтө маанилүү кадам” деп атады

А. Камилов АКШ менен Талибандын келишүүсүн “өтө маанилүү кадам” деп атады

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Катардын борбору Доха шаарында АКШ менен Талибан кыймылы ортосунда кол коюлган келишимди “өтө маанилүү кадам” деп атады.

Доха шаарында Би-би-си радиосунун перс кызматына интервью берген Камилов талиптерге ишеним пайда болуп жатканын айткан.

Камиловдун айтымында, өзбек расмийлери да Дохада Талибандын жооптуулары менен жолугушкан. Анда талиптер Өзбекстанга жана Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө коркунуч туулушуна жол бербестикти убада кылышкан.

“Булар кечээ бизге убада беришти, азыр алардын алдында турган негизги максат, ушул келишимди ишке ашыруу. Эгерде ушул келишим чындап эле ишке ашырылса, бул өтө чоң кадам болот. Булар Өзбекстанга же Борбор Азиядагы башка мамлекетке коркунуч туулушуна жол бербейбиз деген убаданы беришти”, – деди Камилов.

Өзбекстандын тышкы иштер министри АКШ менен Талибандын келишимге кол коюу ырасымына катышууда.

АКШ менен Талибандын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Америка Афганистандагы аскерлерин 14 айдын ичинде алып чыгып кетиши керек.

Сереп:  Афганистанда АКШ менен Талибан ортосунда түзүлүп жаткан тарыхий келишимдин Өзбекстанга же Борбор Азияга кандай таасири бар?

АКШ 2001-жылы 11-сентябрь окуясын уюштуруудан көздөгөн максаты Ирак жана Афганистанды басып алуу болчу. Афганистанды басып алуудан көздөгөн максаттарынын дагы бири, Өзбекстан жана Афганистан аркылуу темир жол жана нефть куурун Мазари -Шариф – Кабул– Пешавар багыты боюнча океанга алып чыгуу болгон. АКШнын 19 жылдан бери уланып келе жаткан аскерий баскынчылык аракетинде шерменделик менен жеңилди. АКШнын демилгеси менен  көптөгөн жылдардан бери аракет кылынып жаткан жогорудагы АКШ  – Талибан келишими  – АКШнын аскерий жеңилүүсүн жашыруу жана дипломатиялык жеңишке жетүү негизинде алып барылууда.

 Өзбекстан Афганистанда тынчтык келишиминен кийин ишке аша турган АКШ долбоорунан үмүтүн үзө элек. 573 километри Афганистандан өтүшү күтүлүп жаткан 5 миллиард доллардык бул долбоор Дүйнөлүк банктан кредит алуу менен ишке ашырыла турган болгон.

Дохада кол коюлган АКШ-Талибан келишиминен кийин, Өзбекстанда эски долбоордон жаңы үмүт пайда боло баштады. Өзбекстанды океан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгышы мүмкүн болгон бул долбоор ишке ашып калса, анда Өзбекстанда Россиянын экономикалык басымы жана таасиринен кутулуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. О.э. Кытай жана Орто Азия өлкөлөрү үчүн Өзбекстан ири транзиттик аймак жана  логистикалык соода борборуна айланып калышы мүмкүн.

Бирок, АКШ Афганистандан аскерин алып чыгып кеткенден кийин ал жерде кандай абал жүз берери азырынча анык эмес. Бул долбоор Россиянын кызыкчылыктарына тескери келгендиктен, региондо дагы кандай фитналар жүз беришин жана кырдаал кайсы тарапка өзгөрүп кетишин алдын ала айтуу кыйын.

Абдураззак Муъмин.

turkistonkg

Recent Posts

Сирияда эмне болуп жатат?

Сирияда эмне болуп жатат? Сирияда 27-октябрдан тарта мусулмандарды кубанткан окуялар жүз берүүдө. 2020-жылы Орусия-Иран-Түркия ортосунда…

6 hours ago

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт

Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда…

11 hours ago

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…

1 day ago

Тоң моюн душман

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктап, анын буйруктарын аткарууга даяр экенин билдирди

Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…

1 day ago

Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын байлыктарын коргогон Ислам мамлекетине кайтарууну талап кылат

Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…

1 day ago