Жаңылыктар

Тегеранда Жума намазына чогулууга тыюу салынды, вице-президент да коронавирус жуктуруп алды

Тегеранда Жума намазына чогулууга тыюу салынды, вице-президент да коронавирус жуктуруп алды

Коронавирус олуттуу жайылып жатканы себептүү Ирандын борбору Тегеран шаарында Жума намаздарына тыюу салынды.

Иранда вирусту жуктуруп алгандардын саны 245ке жетти. Алардын арасында вице-президент Маъсума Эбтекар да бар.

COVID-19 вирусун жуктуруп алган бийлик өкүлдөрүнүн арасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана парламенттеги коопсуздук комитетинин төрагасы да бар.

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 26га жеткенин билдирди. Бул болсо, Кытайдан башка өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Сереп:Каронавирусту курал кылып алган эл аралык саясат дүйнө жүзүнүн жүрөк үшүн алып, мамлекеттерди бири-биринен ажыратып, экономикалык проблемаларды пайда кылууда. Эми ал исламий баалуулуктарыбыздагы ибадат жана мамилелерибизге да таасирин тийгизе баштады.

Саудия мусулмандардын умра кылуу үчүн Мекке жана Мединага баруусуна тыюу салып койду. Иран жума намазына тыюу салды. Ушундай улана берсе башка исламий өлкөлөр да жума, айт, таравих намазы сыяктуу ибадаттарыбызга да тыюу салышат.

Исламда вабага (чумага) карата шаръий чечим бар болуп, анда ар бир региондун вакиъсине карай ошол аймак үчүн хос мамиле белгиленет. Ваба жайылган аймакка кирүү жана чыгуу жолдору жабылып, Аллахка тобокел кылуу менен вабаны жок кылуу жолдору изилденет. Ваба тараган регион үчүн өзүнчө өкүмдөр колдонулуп, оорунун мүнөзүнө карай, керек болсо коомдук жыйындарга да тыюу салынышы мүмкүн.

Бирок, мамлекетке кирип келе элек вабанын алдын алууну шылтоолоп бирер ибадатка тыюу салуу же жарандарды коомдук иштерден тыюу мүмкүн эмес. Ваба мамлекеттин бирер шаарында пайда болгон учурда ошол шаар блокада кылынат жана ал жерде өзүнчө шарьий өкүмдөр колдонулат, ага колдонулган өкүмдөр башка аймактарга колдонулбайт.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри “өлкөдө коронавируска чалдыккан бир адам жок” деген билдирүү берди. Ошого карабастан,  министрлик “тойлорго жана Жума намаздарына чогулууну чектөө керек” деген сунуш менен чыкты. Коронавирус шаръий жактан вабанын өкүмүн алган күндө деле, аны саясий, экономикалык, идеологиялык жана сакафий кызыкчылык жолунда пайдаланууга жол берилбеши керек. Эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттер адамдардын саламаттыгына о.э. коронавирустун жайылышына өздөрүнүн материалдык пайдасын көздөп мамиле кылууда.

Биз мусулмандар куфр дүйнөсүнүн жетекчилери сызып берген жол менен жүрүшүбүз туура болбойт. Дуушар болгон проблемаларга алардын идеологиялык жана сакафий кызыкчылыктарынан келип чыгып чечим издешибиз бизди туңгуюкка кептеп коёт. Башкача айтканда, ибадаттарга шарьий эмес көрүнүштө тыюу салуу менен ички диний жаңжалдарды, мындан тышкары улутчулдук жана башка көз караштагы адамдар менен кагышууларды пайда кылышы мүмкүн. Балким, эл аралык саясат бизди атайылап ошол нерсени көздөй алып бара жаткандыр!

Абдураззак Муъмин.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

2 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago