Жаңылыктар

Жеффри: АКШнын позициясы Асад режимин өзгөртүү эмес

Жеффри: АКШнын позициясы Асад режимин өзгөртүү эмес

АКШнын Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри Анкарадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин интервью берди.  Жеффринин билдиришинче, Ак үй админстрациясынын Сирияда бир миллиондон ашуун мусулманды өлтүргөн канкор Асад режимин өзгөртүү ниети жок.

Асаддын келечеги боюнча АКШнын позициясы жөнүндө берилген суроого жооп берген Жеффри: “… Биз Асадды сынап көрөбүз. Бирок биздин расмий позициябыз режимди өзгөртүү эмес, тескерисинче мамилени өзгөртүү”, – деди.

Жефри бул билдирүүсү аркылуу Вашингтон Асад режиминин артында тургандыгын тастыктады. О.э. Жеффри Россия менен Иран Сирияда өздөрү гана аракет кыла албастыгын билдирип, бул мамлекеттер Сириянын кыйраган экономикасын тикелөөгө кудуреттүү эместигин о.э. Батыш муну колдобосо алар эч нерсе кыла албастыгын өзгөчө баса белгиледи. Бул аркылуу да маселенин артында АКШ тургандыгына жана башка мамлекеттер өздөрүнө тапшырылган ролду аткаруучу актёрлор экендигине ачык ишара кылды. 

Чындыгында окуялардын өнүгүшү да ушуну тастыктап турат. Мисалы, Түркия оппозициялык топторду тизгиндөө жана Халаб (Алеппо) сыяктуу стратегиялык жерлерди режим күчтөрүнө тапшырууда өзүнө тапшырылган ролду кынтыксыз ойноп берди. Астана жана Сочи келишимдери аркылуу Түркиянын көзөмөлүнө өткөн чекиттердин кээ бирлери бүгүнкү күнгө чейин Асад күчтөрүнө тапшырылды. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу – мейли каралап сүйлөгөн болсо да – муну расмий түрдө моюнга алды. АКШ өкүлдөрүнүн “Түркия болбогондо биз Сирияда эч качан ийгиликке жетише албайт элек” деп ачык билдирүү бериши жана Эрдоганга тынымсыз ыраазылык билдирип турушу да бекеринен эмес. Кечээ күнү АКШ президенти Дональд Трамптын телефон аркылуу президент Эрдоганга Сириядагы ишмердүүлүгү үчүн ыраазылык билдиргени ушулар түркүмүнөн.

Киямуддин Шариф

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

7 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

7 days ago