Кыргыз өкмөтү террористтик аракеттерге катышкан адамдарды кармоого жана жазалоого алып бара турган о.э. терракттын алдын ала турган маалыматтарды УКМКга тапшыргандарга акчалай сыйлык берүү жөнүндөгү Жобону бекитти.
“Сыйлык” саткындыкка жараша 120 000 сомго чейинки көлөмдөрдө белгиленди.
Эми бул жобого таянып, УКМК кызматкерлери кайсы бир саткындарды жалдап алуу менен – бул сыйлыкка жетишүү үчүн – кайсы бир мусулмандарга карата ар кандай подставаларды дагы да күчөтүшү мүмкүн. Белгилүү болгондой, учурда эң элдин ишениминен кеткен тармак мамлекеттик органдар эмеспи… Эгер ушундай болсо, мындай абалда карапайым адамдардын арасынан маалымат бергендер эч кандай сыйлыкка деле жетишпейт, болгону, алар саткындыкка гана кызыктырылып жатат. Анткени, бул сыйлыкты УКМК кызматкерлери өздөрү алышат, ал эми аларга “алтынчылык” кылгандарга болсо ушандылар гана тиет.
Негизи, Исламга каршы күрөшүү үчүн “терроризм жомогун” кафир Батыш державалары ойлоп табышкан жана ал аркылуу башка державалык кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып алууну да көздөшкөн. Ушундан улам, бүгүнгө чейин дүйнө бойлоп “терракт” тенденциясы өөрчүп келет. Төмөндө алар жасалма терракттар аркылуу жеткен айрым натыйжаларды акыл таразаңыңыздарга салабыз.
Россияда 1999-2002-жылдар аралыгында уюштурулган терракттар 2-чечен согушуна шылтоо болуп берди жана Чеченстан Россия тарабынан кайрадан басып алынды.
2001-жылы АКШда уюштурулган террактар артынан Америка Афганистан жана Иракты басып алды.
2015-жылдан тарта Францияда бир жарым жыл ичинде 10 терракт болду. Натыйжада, Франция Ирак жана Сирияда бомбалоо иштерине киришти. Негизи, аны АКШ бул регион иштерине аралашуудан сүрүп койгон эле, бирок, ал ушул терракттар шылтоосу менен регионго кирип келди.
2016-жылы Британиянын ЕСтен чыгуусун референдумга катышкандардын 52%ы колдоп берди. Бирок, Британия курамындагы Шотландия ЕСте калууну көздөгөндүктөн, Британиядан бөлүнүп чыгып, эгемендүүлүк алуу боюнча референдум өткөргөнү калды. Түндүк Ирландия болсо Ирландияга кошулуу демилгесин күчөттү. Мына ошондо Британияда бир катар терракттар уюштурулуп, калк мындай сеператизмден алаксытылды.
Мындай дүйнөлүк “көчтөн” Кыргызстан да четте калбады.
Буга чейин, Кыргызстандын залим бийликтери – кафир кожоюндарынын буйруктарына моюн сунуу жана аларды өз кызыкчылыктарына ылайыкташтыруу менен – “терроризм”, “экстремизм” шылтоосу аркылуу Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштөрүн жүргүзүп келишкен. Мисалы:
– 2005-жылкы төңкөрүш алдындагы митингдерге бир дагы исламий жамааттын мүчөлөрү, анын ичинен Хизб жигиттери катышкан эмес. Бирок, ошондо да акаевчилер: “оппозиция Хизбут-Тахрир менен биригип жатат” деп жалган билдирүү таркатышкан.
– Бакиев бийликке келген жылкы туруксуздукта исламий жамааттар тарабынан эч кандай терракт болгон жок. Террористтер болгондо, ошондо жардырмак эле го. Бакиев бийлиги тамтаңдап турганда, Текебаев жана Атамбаев теңтөрагалыгындагы “Реформа үчүн” кыймылынын жазгы митингдери болуп өттү. Аларда бир да исламий жамаат катышкан жок, эч кандай терракт да болгон жок. Ал эми бул митингдерден кийин болсо, өзүнө келген Бакиев бийлиги Исламга каршы күрөштү баштады. 2006-жылы 14-июлда Жалал-Абадда 5 мусулман күч органдары тарабынан өлтүрүлдү. Өлгөндөрдүн экөөсү Хизб мүчөлөрү экени тууралуу жалган кептер таратылды. 7-августта бүткүл Орто Азияга таанымал имам Мухаммад Рафик Камалов шейит кылынды. Күзгү митингден кийин болсо, Хизб мүчөлөрүн куугунтуктоо күч алды. Теледе хизб мүчөлөрү кармалганы тууралуу кабар таркалса, аларга курал-жарак жана ок-дары тартылган кадрлар жабыштырылып коюла турган болду.
– 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин да Исламга каршы күрөш уланды. Бийлик бир аз эс алган соң, адамдарды митингдерден алаксытуу үчүн “Жайшул-Махдий” окуялары уюштурулду. Элди экстремизм жана терроризмден коркутуп, аларды Россия колтугуна корголоого ынандырыш үчүн, “побег из тьюрмы”, “охота за людьми” сценарийлерин ишке ашырышты. Натыйжада, ЕАЭБге кантип кирип калганыбызды да байкабай калдык. АКШ жана Россия талабы менен, атайын кызматтар айрым мусулмандарды Ирак жана Сирияга барууга азгырышты. Жана азгырылгандарга Россия, Түркия аркылуу коридорлор ачып беришти. Анын шылтоосу менен, дагы бир мусулмандарды камактарга ташташты. О.э. “йакынчыларга” тыюу салып, абактарга салышты.
Булар өтмүштөн айрым мисалдар болду. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө деле мындай көрүнүштөр уланып, ал тургай, улам өөрчүп баратканы да байкалууда.
Ошондуктан, биз бийлик адамдарын жана орган кызматкерлерин малайлык менен саткындыктын жаман акыбеттеринен эскертебиз: Кафирлерге малайлык кылсаңар жана өз жарандарыңарды сатсаңар, анда малайлар менен саткындар үчүн бул дүйнөдө кордук, акыретте ачуу азап бар.
Туркистон
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…