Яхудий вужудунун (израилдин) жаңы картасы чийиле баштады

596
0

Яхудий вужудунун (израилдин) жаңы картасы чийиле баштады

“Израилдин” премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамптын планына ылайык яхудий вужудунун жаңы картасы чийилип жатканын билдирди. Жаңы картага Иордан дарыясынын жээги жана жаңы жөөт конуштары түшүрүлөт. Нетаняху атайын түзүлгөн израил-америкалык комитет картаны аз гана убакытта түзүп бүтөөрүн кошумчалады.

Белгилүү болгондой, Трамптын админстрациясы демократтардын парда артындагы саясий оюндарды жүргүзүү саясатынан айырмаланып, ыплас иштерин ачык эле амалга ашыруу саясатын жүргүзүп жатат. Трамптын планына ылайык, Палестина аймагы Иордан дарыясынын батыш жээги жана Газа сектору менен чектелмекчи. Ал эми Иерусалим “Израилдин” бөлүнгүс борбору катары көрсөтүлгөн. Палестинанын президенти Махмуд Аббас болсо өлкө 1967-жылдагы чек аралар менен таанылышын талап кылган.    

Трамп кылым келишими деп атап жаткан долбоор 1959-жылы эле АКШнын ошол кездеги президенти Эйзенхауэр тарабынан кабыл алынган. Анын сунушу боюнча, Палестина аймагында жөөттөрдөн жана мусулмандардан турган эки мамлекет кабыл алынышы керек эле. Бул долбоорду ишке ашырууга Обаманын учурунда катуу аракеттер көрүлдү. Бирок, эч бир ийгиликке жетпестен соолуп калды. Трамп бийликке келгенден кийин өз ишин Америка элчиканасын Тель-Авивден Куддуска көчүрүү менен баштады. Ал палестин калкын экономикалык кызыкчылыктарга жетелөө, Куддустан башка тараптагы жерлерди кошуп берүү сыяктуу нерселер менен алдамакчы болууда. Бирок, анын текебердикке негизделген бул планы да мурункулар сыяктуу ийгиликсиздикке учурашы бышык. Трамптын акылсыздыгы Палестина сатылбастыгын жана сатылып алынбастыгын түшүнбөй жаткандыгында. Палестина мусулмандардын биринчи кыбыласы. Анын мечити Исламдагы үчүнчү чоң мечит жана Пайгамбар с.а.в дын асманга көтөрүлгөн жери. Аллахтын жардамы менен аны мусулман армиясы азат кылат. Ал жерде Ислам байрагы желбирейт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here