2020-жылдын бюджети: «Коррупция жана кырсыктуу жакырчылык баткагында»

418
0

Басма сөз баянаты

2020-жылдын бюджети: «Коррупция жана кырсыктуу жакырчылык баткагында»

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз»

2019-жылы 20-декабрь күнү Түркия улуттук межлисинин жыйынында 2020-жылы үчүн өкмөттүн бюджет долбоору кабыл алынды. Долбоорго «Адилет жана Өнүгүү», «Улуттук кыймыл» партиялары макулдук билдиришти. Чамасы, бул жылы үй-бүлөлөрдүн жашоосунда кризис дагы да күчөп, өткөн жылга салыштырганда өз өмүрүнө кол салуу абалдары да көбөйөт көрүнөт… Адамдарды ар жаңы жыл сайын өткөн жыл мындан жакшыраак эле деп айтууга мажбурлап жаткан жалгыз себеп – бузгунчу демократиялык жана капиталисттик түзүм.

Эй Түркия калкы!

Коррупция баткагынан чыгуу жолун баян кылуудан мурда 2019 жана 2020-жылдардын бюджетин салыштыруу керек. Кыйынчылыктарыңарды дагы да күчөтө турган экономикалык абалды түшүнүп жетесиңер деп үмүт кылабыз. Балким, бул, силерди туура чечимге карай аракеттенүүгө үндөөр.

2019-жылдагы бюджеттин кирешеси болжол менен 880,4 миллиард түрк лирасына жетсе, чыгаша болжол менен 961 миллиард лираны түзгөн. Дефицит 80,6 миллиард түрк лирасынан турат. Бирок, 2019-жылдын биринчи жарымы т.а. январдан июнга чейин бюджет дефицити 78,6 миллиард лираны түзгөн. 2020-жылдын бюджетиндеги киреше болжол менен 956,6 миллиард лира, чыгаша болсо болжол менен 1 триллион 95,5 миллиард лира деп белгиленген. Салыктардан түшкөн киреше 784,6 миллиард лирага жетери күтүлүүдө. Бул болсо, жалпы кирешенин болжол менен 82%ына барабар. Ал эми, 2020-жылдын бюджетиндеги болжолдуу дефицит 138,9 миллиард лирага чыгышы мүмкүн. 2019-жылда кредиттердин пайызын жабуу үчүн бюджеттен 117,3 миллиард лира бөлүнгөн. 2020-жылы бул көрсөткүч 139 миллиард лирага тең болот. Бул – мамлекет төлөөгө даярданып жаткан пайыздардын өлчөмү 2020-жылдагы бюджеттин дефицитинен ашыкча экенин ачык-айкын көрсөтүп турат.

Келерки жылда бюджеттеги дефициттин көбөйөрүн көрүү кыйын эмес. Өкмөт кредиттердин пайыздарын төлөөгө катуу этибар каратат. Дефицит болсо, көбөйө берет жана аны менен бирге адамдарды кыйнап жаткан салыктар да көбөйөт. Ал жерде этибарлуу дагы бир нерсе ушул, бюджеттеги кирешенин чоң бөлүгүн салыктар түзөт. Ошондуктан, кирешелер «күтүлүп жаткан», «болжолдуу» жана «чамалуу» сөздөрү аркылуу түшүндүрүлөт. Өнөр жай продукциялары болсо, чет элге көз каранды. Биз өзүн-өзү каамсыздай турган мамлекеттен да төмөндөп, ал тургай, айыл чарба тармагында да чет элге көз каранды мамлекетке айланып калдык. Ошентип, биздин байлыктарыбызды жана эмгегибизди капиталисттик колонизатор мамлекеттерге моюн сундуруп берип жаткан ушул капиталисттик демократиялык түзүмдүн элден салык топтоодон башка кирешеси калбайт. Бул болсо, калкты кыйнайт. Ушул экономикалык түзүм дүйнөлүк капиталисттик экономикалык түзүмдүн катуу шамалына ачык турган соң, мамлекет кийинки жылдын бюджети туурасында болжолдуу жана күтүлүп жаткан эсеп-китептерге негизделген «бал ачууларга» көз каранды бойдон кала берет.

Эй мусулман түрк калкы!

Албетте, биз ушул жаман багыт боюнча жүрүүгө мажбур эмеспиз. Бирок, силер унчукпай турганыңар себептүү силерди бактысыз жашоого мажбурлап жаткан акимдер ушул иштерге батынышууда. Жылдар өтүп, силерге чечим берет деген этибарда бир нече партиялар сунуш кылынды. О.э. акимдер же партиялар өзгөрсө, абалдар да өзгөрөт деп ишендирилди. Мындан тышкары, оңчул жана солчул партиялар, «исламий» партиялар альтернатива таризде сунуш кылынды. Бирок, өкмөттөгү партиялар алмашса да капиталисттик демократиялык түзүм өзгөргөн жок жана абал оңолгон жок. Тескерисинче, абал кордук жана бактысыздык деңизинде чөгө берди. Шайлоолор аркылуу бийликке келгендер силерди ушул төмөндүктөн кутулушуңарды артка сүрдү. Биз унутпашыбыз керек болгон нерсе ушул, чыныгы өзгөрүү түзүмдү түп-тамырынан өзгөртүү аркылуу жүз берет. Бирден бир чечим – бузгунчу капиталисттик демократиялык түзүмдөн бүтүндөй кутулуу. О.э. болжол менен жана чамалуу эмес, чыныгы жана анык киреше-чыгымдарга негизделген исламий экономикалык түзүмдү колдонуу о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө. Андыктан, биз силерди аң-сезимдүү жана калыс саясий кыядатка ээ Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылууга о.э. өзүңөр татыктуу болгон азиз турмушка кадам шилтөөгө чакырабыз.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here