Бардык жемкор топтор жок кылынып, Аллахтын өкүмү орнотулбаса, Ирак маселеси чечилбейт
«Ал-Жазира» сайты хижрий 1441-жылы 4-рабиул-аввал, миладий 2019-жылы 1-декабрь күнү таркаткан кабарда мындай делет:
«Ишемби күнү Улуттук ок алянсы президенттин да, өкүлдөр палатасынын төрагасынын да отставкасын талап кылды. Калгандар болсо, технократиялык өкмөт түзүүнү талап кылышты. Мындан мурда, демонстрациялардын уланып, көптөгөн адамдардын өлтүрүлүп премьер-министри Адил Абдулмахдий отставка кеткен.
Ишемби күнү Ирак премьер-министри Адил Абдулмахдий отставкага чыккандыгы туурасында парламентке расмий кат сунуштаган. Анын администрациясындагы булактар премьер-министрдин отставка маселесин талкуулоо үчүн министрлер мекемесинин чукул жыйынына төрагалык кылып жатканын маалымдады. Администрациянын билдирүүсүнөн премьер-министрдин отставкасы бир добуштан макулдалганы маалым болду. Бирок, отставка расмий күчкө кириши үчүн парламент жекшемби күнү өткөрүлө турган сессияда аны колдоп-кубаттоодон баш тартууга мажбур.
«Министрлер мекемесинин төрагасы өкмөт демонстранттардын талаптарын аткаруу жана реформа долбоорун сунуштоо үчүн колунан келген бардык мүмкүнчүлүктү жумшаганын баса белгиледи», – деп айтылат билдирүүдө».
Роя гезити:
Бул коррупцияонерлер тобун кафир Америка алып келди жана ыплас согушу аркылуу ойрон кыла албаган нерселерди ойрон кылуу үчүн аларды өз калкынын желкесине зордоп миндирип койду. Ошондуктан, Америка алардын бийликте туруусуна кызыкдар. АКШ окуяларды күзөтүп турат… Эгер, алар демонстрацияларды бастыра алышса, жөн коёт, бирок, бастыра алышпаса, анда, бул топту кулатууга киришет. Себеби, бул Американын өз малайлары демонстрация тарабынан каршылыкка учураган убакта колдоно турган адаты. Кийин АКШ алардын ордуна кыянатка жана Уммат душмандарына кызмат кылууга «үйрөнгөн» башка малайларды алып келет.
Ошондуктан, бул кылмышкерлер тобунан кутулуу үчүн алардын кафир демокаратиялык түзүмүн жок кылуу, Аллах Тааланын шарияты менен өкүм жүргүзүү шарт. Адамдардын коопсуздугу жана урмат-сыйы ушуну менен камсыздалат.
Роя гезити, №263, 2019-жыл, 4-декабрь.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…