24-декабрда Ош облусунун Чоң-Алай районуна
караштуу Дароот-Коргон айылынын борбордук мечитинде мархумду акыркы сапарга
узатуудагы ашыкча ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактар жазып чыкты.
Жыйында аза күткөн үйдө 3 күн мал жандык сойууга, дасторкон жайып ысык тамак
берүүгө тыюу салынды. Ал эми коңшулары тарабынан чогулган каражатка узак жолдон
келген меймандар үчүн гана сый тамак берүүгө урухсат берилди.
«Маркумду акыркы сапарга узатууда айрым аймактарда тойдон да көп чыгаша болуп жатат. Кадимки эле сарпай кийгизген аймактар да жок эмес. Бизде алгачкы жолу ар бир мечитте беш адамдан турган комиссиянын негизинде ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча демилге көтөрүлүп, жүзөгө ашып турган кези. Колунда барлар таъзияга кеткен каражаттын ордуна кайрымдуулук иш-чараларга жумшасын. Алсак айылдагы көпүрөгө, жол салууга, суу чыгарууга сарптасын», — деди имам хатиб Эрмекбай ажы Ташбеков.
Белгилей кетсек, Дароот-Коргон айылында кечээ алгачкы жолу мархумду акыркы сапарга узатуу жогорудагы тартиптин негизинде жүзөгө ашырылды. Исламга таянган каада-салттардын кайрадан калыптанышын коомчулук да колдоого алып, өлкө боюнча жайылтуу демилгеленүүдө. Албетте, калктын мындай кабылдоосу Исламдын адам табиятына ылайык чечим берүүсүнөн кабар берет. Шексиз, Аллах Таала өз ниматын чар тарапка жаюучу!
Мумтаз Маверанахрий
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…