Өзбекстан : Мектеп окуучуларына бир предметке бириктилрилген дин жана мекенчилдик сабагы окутулат
Өзбекстан өкмөтүнүн планына ылайык, орто мектептерге жаңы сабак киргизилет. Программа “ Тарбия” деп аталып, анда дин, мекенчилдик жана этика сабактары бириктирилет. Мектеп окуучулары бул предметти биринчи класстан баштап мектепти бүтүргөнгө чейин окушат. Программанын алкагында дүйнө жүзүндөгү диндер, “улуттук акыйда жана моралдык негиздер, “мекенчилдик туйгусу“ о.э. этика үйрөтүлөт. Өкмөттүн токтомундагы долбоорго ылайык, жаңы тартип баскычма-баскыч окутулат.
Эске сала кетсек “Дин таануу” предмети мектеп программасына 20 жылдай мурда киргизилген. Былтыркы жылдан баштап жаңы эреже – “Дүйнөлүк диндер тарыхы” пайда болуп, аны негизинен жогорку класстар окуп жатышкан.
Комментарий:
Исламий акыйдадан келип чыккан Ислам сакафаты төрт нерседен турат;
1) Тил
2) Адабият
3) Тарых
4) Мыйзам
Ар бир мусулман Шарият уруксат берген жана Шореъ буюрган өкүмдөр негизинде билим алышы керек. Бирок, бүгүнкү күндө куфр системасы киргизип жаткан муътадил (мээлүүн) Ислам долбоору, динибизге бүтүндөй тескери болуп, күн өткөн сайын динибизге катуу сокку берүүчү факторго айланып барууда.
Муътадил Ислам – бул демократиялык түзүмгө Шарияттын кээ бир мыйзамдары менен жамак салуу дегени. Башкача айтканда, ибадатты моюнга алып, ага уруксат берилет, а бирок, жаза-чараларга, тышкы жана ички иштерге, башкаруу иштерине байланыштуу болгон өкүмдөр четке кагылат жана аларды турмушта колдонууга жол берилбейт.
Диктатордук режим астында күн көрүп жаткан өзбекстандыктар латын алфавити таасири астында Батыш сакафаты менен таасирленип жашап жатышат. Жогорудагы долбоор да бузуку демократиялык түзүмдү мусулмандар зээнине сиңирүү болуп эсептелет.
Эмне үчүн жогорку класстын окуучуларына олуттуу көңүл бурулууда? Себеби, адамдын келечек жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрү өспүрүм куракта калыптанат, адам негизинен ошол кезде алган маалыматы боюнча жашоосун калыптандырат. Ушундан келип чыгып, мусулман перзенттеринин өспүрүм куракта бейпайда маалыматтар менен толтуруу эки дүйнөдө зыянын тийгизет.
Учурда биздин мамлекетибиз жок, а бирок, перзенттерибиз куфрдун тузагына илинүүдө. Аларга дүйнөдөгү диндерди окутуп, тандоо укугу берилмекчи. Бул өтө коркунучтуу абал! Мусулман үчүн дин тандоодо эркиндик жок жана мусулман Исламга толук бойдон моюн сунушу шарт! Себеби, Жаратуучу ыраазы боло турган дин бир гана Ислам.
Аллах Таала айтат:
“Албетте Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам”
(3:19).
Ар бир адам баласы табиятында мусулман болуп төрөлөт, ошол таза табият менен төрөлгөн балдарды бузуку ишеним менен уулап коюуга жол бербейли.
Аллах Таала айтат:
“Кимде-ким Исламдан башка дин издесе, анын (тапкан) дини кабыл алынбайт жана ал акыретте зыян көрүүчүлөрдөн болот”.
(3:85)
Мунаввара