Жаңылыктар

Кыргызстандыктар аз ичип калды. Себеби эмнеде?

Кыргызстандыктар аз ичип калды. Себеби эмнеде?

 Улуттук статистикалык комитет: “Кыргызстандыктар акылына кирип,   алкоголдук ичимдиктерди аз иче баштаган окшойт”,  – деген тыянак чыгарган  бул тууралуу “Кактус медиа” кабарлады.

“2014-жылы Кыргызстан боюнча алкоголдук ичимдиктер соодасы 18,9 млрд. Сомдун тегерегинде болгон болсо, 2018-жылы 16,7 млрд сомго төмөндөп кеткен. Мунун тескерисинче, башка товарларга болгон талап күн өткөн сайын күчөп барууда. Мисалы 2014-жылдан 2018-жылга чейин нан жана дан азыктары соодасынын көлөмү 14,1 млрд сом, эт азыктарынын соодасы  6,3 млрд сомго көбөйгөн.  Сүт азыктары соодасы да жогорку көрсөткүчтө.

  “Kaktus.media”  бул абал боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер базарында эмне болуп жатканын аныктоого аракет кылган.

Кабарда келишинче, алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүнүн көлөмү азайган.

“Алкоголдук ичимдиктерди керектөөнүн төмөндөшү – бул бүткүл дүйнөлүк тенденция. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын маалыматына ылайык, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө адамдар аз ичип калышты. Бул тенденция натыйжасында эмгекке жарамдуу эркектер арасында өлүмдүн көрсөткүчү азайды”, – деп айтылат Кактус медиа сайтынын маалыматында.

Комментарий:

Капитализм системасы пайда негизине курулган.  Капитализм жана демократияда  элдин керектөөсүнө карай товар иштелип чыгат. Эгерде коомдо арак иче турган 3 адам бар болсо,  мамлекет арак иштеп чыгаруучу апаратты ишке салат. Мамлекет ошол продукцияны сатып пайда көрсө болду, адамдын саламаттыгы, андан келип чыгуучу экономикалык,  социалдык проблемалар, адамдын өлүмү да мамлекетти кызыктырбайт. Кыргызстан көптөгөн жылдардан бери арак чыгаруу, экспорт жана импорт кылуу жаатында мурдагы советтик өлкөлөр арасында алдаңкылардан болуп келди. Ал тургай, СССР  жоюлгандан кийин да Кыргызстанда   спирттик ичимдиктерди чыгаруунун көлөмү бир калыпта сакталып келди. Адистердин бир гана тыянагын туура деп баалайбыз. Мейли, алар какшыктап айткан болсо да, калктын  “акылы кирип калганы” аябай туура тыянак болуп чыкты.  Чындыгында,адамдар арасында ичкичтер мурункудан азайды. Катар-катар дүкөндөрдө түрдүү сорттогу ичимдиктер турганы менен аны сатып алып ашкере ичип жаткан адамдар азайды. Ал тургай ичкиликти таштай албаган фасик да дүкөндөн арак алып жатканда аны көрүнбөс пакетке салдырып алып чыгат.   Кыргызстандагы  калктын динге умтулуусу мактоого арзыйт. Чындыгында адамдар акылын иштетип, туура пикирлей баштаса, ар бир амалын ойлонуу менен ишке ашырат.   Кыргызстан калкы арасында ичкичтер азайышы себептүү Ислам дини үстөм келүүдө. Динге  карата сый-урмат, динге ыктоо жана умтулуу күн сайын күчөп барууда, ин ша Аллах.

Аллах Таала айтат:

–  “Качан Аллахтан жардам жана жеңиш келген кезде. Жана да Аллахтын динине ( Исламга) топ-тобу менен кирип жаткан элдерди көргөнүңдө. Тезинен Роббиңе мактоо айтып аруулагын жана Андан магфират сура. Албетте, Ал тооболорду кабыл кылуучу”.

                                                                                                                                Курани Карим : 110-сүрө

Бардык мактоолор Аллахка таандык жана Ал ар кандай шериктен таза. 

Эй Аллахым, тооболорубузду кабыл кылып, бизди магфират кылгын. Мусулмандарга нусрат бергин. Амийн.

Албетте өкүм Аллахтыкы  жана Аллах Өз ишинде үстөм!

Ассаламу алайкум ва рохматуллах.

Мунаввара

turkistonkg

Recent Posts

Пенде жакшы көргөнү менен бирге болот

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Пенде жакшы көргөнү менен бирге болот Урматтуу бир туугандар…

4 hours ago

Аллахтын ырайымы Анын каарынан үстөм

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын ырайымы Анын каарынан үстөм Урматтуу бир туугандар “Асыл…

4 hours ago

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

1 day ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

1 day ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

3 days ago