Ички миграция себептүү Бишкектеги мектептерде нормадан тышкары 100 000 окуучу билим алууда.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2265 жалпы билим берүү мекемесинде 1 млн. 268 окуучу билим алууда. Мисалы, Бишкектеги 96 мектеп 77 163 окуучуга божолдонгон, бирок, ички миграция себептүү 173 193 окуучу билим алууда. Бул болсо эки эсеге көптүк кылат.
Мындан тышкары, учурда 198 мектеп авариялык абалда. Алардын ордуна жаңы мектеп куруу үчүн болжол менен 20 млрд.сом керек болот. Өкмөт бул сыяктуу проблемаларга “ олуттуу чарал көрүшүн ” билдирди. Учурда өлкө боюнча 134 мектеп жана 26 бала бакча курулуп жатат. “Булан” институтунун былтыр сентябр айындагы отчётунда “келечектеги 10-15 жылда Кыргызстандагы жалпы билим берүү системасы кризиске учурайт” деп айтылган.
Адистердин билдиришинче, эгерде жаш муун жетиштүү билим албаса, бул нерсе алардын келечегине терс таасирин тийгизет.
Негизи билим берүү жана саламаттыкты сактоо жоопкерчилиги мамлекеттин мойнунда. Мектеп куруп калктын билим алышына шарт түзүп берүү да ушулардын катарында. А бирок өкүнүчтүүсү, мамлекет бул тармакка олуттуу карабай жатат. Мектептеги паракордук, ата-энелерден мажбурлап акча чогултуу иштери өкмөт жетиштүү көңүл бурбай жатканын далиддеп турат. Мектептеги бардык көйгөйлөрдү өкмөт өз убагында чечиши зарыл, себеби билим алууну кечиктирүүдөн келечек муун сабатсыз болуп калат. Өкмөттүн башындагы жооптуу адамдар трибунадан туруп болжолдуу көрсөткүчтөр менен отчёт берип жатышканы менен алар дилинде кыпындай болсо да элдин камын ойлошпойт. Себеби, чиновниктер мындай проблемага дуушар болушпайт, анткени алардын балдары жеке менчик мектептерде, 3 маал тамак-аш менен камсыздалган абалда билим алышат. Алардын балдары ал тургай коомдук транспорттон пайдаланышпайт. Себеби, аларга өзүнчө ажыратылган автоунаа бар. Карапайым адамдардын балдары болсо аянычтуу абалда билим алышууда. Мисалы, Ош шаарындагы Киров мектеби эң бир абройлуу мектептерден болуп эсептелет, бирок, кээ бир класстарда 60 ка жакын бала билим алат. Элестетип көрүңүз, бир класста 60 окуучу болсо, мугалим 45 мүнөттө алардын ар бирине кантип жетишет? Албетте, буга мүмкүнчүлүк жок. Демек, ар бир сабакта болжол менен 10 окуучуга көңүл бурулса, калган 40 окуучу сабакты түшүнбөй кала берет. Ош шаарында 2 жаңы мектеп пайдаланууга берилген, алардын бири Өзбекстандын, экинчиси Казакстандын каржылоосу менен курулуп, пайдаланууга берилди. Жогорудагы убадаларга ким ишенет! Өкмөттүн башындагылар кээде жалындуу сөздөрдү айтып турушат, бирок күн өткөн сайын абал оорлошуп барууда. Себеби, орто мектептерден мамлекеттик бюджетке киреше түшпөйт, жарандардын билим деңгээли эч кимди кызыктырбайт. Мамлекетке керектүү кадрлар жеке менчик мектептерде даярдалууда, андай мектептер жаштарга табигый түрдө Батыш сакафатын, мекенчилдик, улутчулдук туйгуларын сиңирип коюшат. Себеби, менчик мектептердеги билим берүү программасы дал ушундай туйгуга негизделген жактарды эсепке алуу менен түзүлгөн. Ошентип акимдер менен депутаттар калктын абалын түшүнбөй калышат.
Негизи, жетекчи кандай болушу керек?
Жетекчи ар бир кылып жаткан ишин акыреттеги абал менен өлчөп аткарышы, же баш тартышы керек. Мисалы, Умар (р.а.) калктын камын билүү үчүн түнкүсүн көчөдө жүргөн, өзүн таанытпастан, карапйым адамдар менен сүйлөшкөн. Себеби, Умар (р.а.) Аллахка жолуга турган күндөгү абалынан катуу корккон. Биздин жетекчилер мунун тескерисинче бийликке жеткенге чейин арзыбаган жардамдары менен эл арасында жүрүшөт. Ал эми шайлоонун эртеси бардык нерсе унутулат. Адилеттүү жетекчи болуу үчүн алгач Аллахты тааныш керек. Эгерде Кудайды тааныбаса адам напсинин кулу болот. Мындайда биздин келечек муун сабатсыздык чеңгелинде калып, ири мамлекеттерге кул даярдап берүүнү уланта беребиз. Мындан Аллах сактасын. Үммөт биригип, адилеттүү Халифа шайлоого, Исламий мамлекет тикелөөгө аракет кылышы керек. Үммөт ошондо гана азиздикке жетет. Билим берүү системсы туура жолго коюлуп, керексиз билимдер жок кылынат. Үммөттүн перзенттерине олуттуу көңүл бурулуп, мусулмандардын перзенттери бардык тармакта башкаларга үлгү боло турган деңгээлде иш алып барышат, инша Аллах.
Бубусара Райым кызы