Кыргызстандын жараны Москвада теракт уюштурууга аракет кылгандыкта айыпталып камакка алынды
Москвадагы Черемушкин сотунун чечими менен 30 жаштагы кыргызстандык Талант Онуров 2020-жылдын 1-январына чейин камакка алынды. Аны Тергөө комитети теракт уюштурууга даярдык көргөндүктө айыптап жатат. Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Иванованын билдиришинче, Онуров айыбын моюнга алган.
Тергөө комитетинин өкүлү: “Тергөөнүн божомолу боюнча ал 2019-жылы сентябрда Кыргызстандан борбор калаага теракт уюштуруу максатында келген. Бир ай бою өзүнө шерик издеп, адабияттарды окуп, үйрөтүүчү видеолорду көрүп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого жер издеген”, – деди. Бирок, Онуров кайсы жерде терракт уюштурмакчы болгондугун ачыктабады.
Кыргызстандык жигит бул айып менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
ТАСС агенттиги Онуров 1-ноябрда кармалганын жана ал радикалдык ислам тарапкери экендигин кабарлаган.
Комментарий: Ага-ини Азимовдорго жалаа жабылгандыгы далилдер менен ачыкка чыккандыгына карабастан, алардын үстүнөн соттук жараян уланууда. Эми дагы бир кыргызстандык террорчулукта айыпталууда. Демек, Россия Кыргызстанга же Борбор Азияга карата кандайдыр бир саясий басым өткөрмөкчү болууда!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…