بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
БУУ – дүйнөгө бузукулук жана мункар иштерди жаюунун куралы
БУУ маалымдашынча, ага 38 арыз келип түшкөн. Арыздарда 43 адам набыт болуп, алардын 19у аял, 10у кыздар, 1 эркек, 2 жаш бала, 10у жашы аныкталбаган аялдар, 1 адамдын кимдиги белгисиз экени, 12 адам жыныстык зордуктоонун курманы болгону айтылган. Бул арыздар БУУ тарабынан 1-апрелден 30-июнга чейинки үч ай аралыкта кабыл алынган. БУУ басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик бул арыздар БУУга башка 39 арыз менен бирге келгенин, алар 42 курман жана 39 кылмышкерлерди өз ичине алып, БУУнун чет элде иш алып барган кызматкерлерине тиешелүү экенин айтты. Бирок, Дюжаррик ушул мыйзам бузуулар кайсы мамлекетте болгонун жана БУУ кызматкерлери же шериктештикте иштеген адамдар тарабынан болгонун анык айтпады.
Роя гезити:
БУУнун жарандык жана аскерий кызматкерлеринин кылмыштары жөнүндөгү кабарлар шек-күмөн калтырбай турган даражага жеткен. Т.а. кылмышкерлер БУУнун кызматкерлери болуп, курман болгондордун көпчүлүгүн мусулмандар түзүүдө. БУУ ири мамлекеттердин, негизинен, АКШнын колундагы колонизаторлук куралы болуп о.э. дүйнө бойлоп, айрыкча, «үчүнчү дүйнө» мамлекеттеринде, негизинен, мусулман өлкөлөрүндө бузукулук жаюу мекемеси.
Роя гезити, №255, 2019-жыл, 7-сентябрь.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…