Жаңылыктар

Өзбекстандын үстүнөн таасир талашуу уланууда

Өзбекстандын үстүнөн таасир талашуу уланууда

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында, АКШ соода министринин Өзбекстан тууралуу билдирүүсүн “атаандаштык болбогон күрөш ыкмаларынан пайдалануу” деп атады. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

Шаршемби күнү Вашингтондо болуп өткөн өзбек-америка бизнес-форумунун алкагында АКШнын соода министри Уилбур Росс  Өзбекстандын ЕАЭБге кошулуусу өлкөнүн Дүйнөлүк Соода уюумуна мүчө болуу жараянын  оорлотушу мүмкүндүгү тууралуу билдирди.

“Бүгүн АКШдан … министрлердин бири…  Өзбекстан ЕАЭБ менен кызматташса, Өзбекстандын ДСУга кирүүсүн татаалдаштырат деп айтты. Бул жерде эмне деп айтууга болот? Бул нерсе шек-күмөнсүз, атаандаштык болбогон күрөш ыкмаларынан пайдалануу болуп эсептелет. О.э. бул билдирүүнү дүйнөдөгү сооданы уюштурууда башаламандык келтирип чыгаруучу, соода согуштарын алып баруучу жана эл аралык сооданы тартипсиздикке алып баруучу Америка админстрациясынан угуу таң калычтуу”, – деди Медведев.

 Анын божомолунда, “океан артындагы кесиптештерине” Евразия аймагындагы интеграциялашуу жараяндары жана Россиянын өз континентинде түзүп жаткан келишимдери жакпай жаткан болушу мүмкүн. Бирок, Медведев бардык багыттарда иш улантылышын баса белгиледи.

Буга чейин Өзбекстанга расмий сапар менен барган Россия Федерациялык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Өзбекстан Евразия Економикалык Биримдигине кошулуу маселесин карап жатканын билдирген.

Матвиенко Өзбекстандын Олий Мажлиси мыйзамчылык палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуу учурунда: “Өзбекстан президенти бир токтомго келген жана Өзбекстандын ЕАЭбге кошулуусу каралууда”, – деген.

Өзбекстан Борбор Азияда эки колонизатордун, башкача айтканда,  Америка жана Россиянын таасир талашуу майданына айланып барууда. Мирзиёевдин мойнунда Каримовдон мураска калган алсыз экономиканы бутка тургузуу жана бошоп калган казынаны толтуруу милдети турат. Ошол себептен да Мирзиёев дүйнөлүк коомчулукка демократиялык реформатор катары көрүнүп, Батыш мамлекеттеринен каржылык жардамдарды алууга аракет кылууда.

Өзбекстан үчүн АКШнын саясий колдоосу жана каржылык жардамдары өтө маанилүү. Ошондуктан, АКШнын жардам беребиз, инвестиция жаткырабыз, аскерий жардамдын көлөмүн кеңейтебиз деген убадаларына каршы турушу өтө кыйын. А бирок, Россияны да ыраазы кылбаса болбойт. Себеби, Өзбекстандын айыл-чарба продукцияларынын негизги кардары Россия. Мындан тышкары, Россиянын региондогу аскерий таасири күчтүү. Ошол себептен да Өзбекстан экөөнү тең ыраазы кылуу жолун издөөгө мажбур болот.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 day ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 day ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 day ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

2 days ago

Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…

2 days ago