Жаңылыктар

Сирия: Конституциялык комитетти четке каккан демонстрациялар

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сирия: Конституциялык комитетти четке каккан демонстрациялар

Өткөн аптада Идлибдеги көптөгөн шаарчаларда демонстрациялар уюштурулду. Жүздөгөн адамдар катышкан бул демонстрацияларда адамдар Конституциялык комитетти каралап, ал Асад режимин мыйзамдаштыруу аракети жана козголоңго карата кыянаттык деп жарыялашты.

Идлибдин түндүгүндөгү Килли шаарчасында болуп өткөн демонстрацияда адамдар режимди кулатып, ордуна Ислам башкаруусун орнотууга чейин козголоң улантыларын баса белгилешти. Демонстарциядагы ураандар: «Биз Куръан тарбиялаган Умматпыз, Роббибиздин ушул Китеби колубузда», «Жоголсун, бул конституция! Ал канкор режимди бекемдеп, Шам калкы төккөн кандарды текке кетирет».

Сирия-Түркия чегарасындагы Батыш Атма лагерлеринде да Хизб-ут-Тахрир жигиттери «Козголоң эч качан токтобойт» деген аталышта демонстрация өткөрүштү. Демонстрацияда бул акыйкат козголоң шексиз уланары, режимди кулатып, Ислам башкаруусу орнотулмайын таптакыр токтобостугу, туткундарды чет мамлекеттер менен алака кылуучу эмес, Аллах менен алака кылуучу жетекчилер азат кылары баса белгиленди. Демонстранттар «Биз акыйкат сөздү саткын жетекчилерибиздин бетине айтканыбыз үчүн ушул абалга түштүк» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. «Силер өзү токуган нерсесин бекем болгон соң бузуп салган аялга окшобогула, чет мамлекеттер менен алака кылбаган жетекчилерге гана ыраазы болгула, ошолор баштаган дарбазага киргиле, мына ошондо жеңип чыгасыңар, Жээк – бул Дамасктагы режимди кулатуу дарбазасы» деп калыс мужахиддерге кайрылуу жасалды. О.э. чет мамлекеттердин буйруктары менен түзүлгөн ар кандай биригүү кыянаттык экени баса белгиленди. Биз 2016-жылы айткан сөзүбүздү дагы айтабыз: Режим менен сүйлөшүү өткөргөн улуттук армияны «жок» деп четке кагабыз, Шамды азат кыла турган исламий армияны «ооба» деп кабыл алабыз!

Роя гезити, №254, 2019жыл, 2-сентябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

23 hours ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 day ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 day ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

2 days ago

Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…

2 days ago