Жаңылыктар

Трамп Түркияга каршы аскерий күч колдонууга даяр

Трамп Түркияга каршы аскерий күч колдонууга даяр

АКШ президенти Дональд Трамп, эгерде зарылдык болсо Түркияга карата анын Сириядагы аскерий операциясы себептүү аскерий күч колдонууга даяр. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпео “NCBC” телеканалына интервью берип жатып билдирди.

Помпео Анкаранын кандай аракеттери аскерий жоопко себеп болорун ачыктабады, бирок Вашингтон согушту эмес, тынчтыкты абзел көрүшүн айтты. О.э. АКШ экономикалык жана дипломатиялык чараларды колдонууга да даяр экендигин билдирди.

Белгилүү болгондой, Түркия 9-октябрда Сириянын түндүгүндө күрттөрдүн “YPG” куралдуу тобуна каршы аскерий операция баштаган. Анкара аталган топтун “Курдистан жумушчулар партиясы” деп аталган террорчу уюм менен байланышы бар деп эсептейт. АКШ болсо Сирияда “YPG” менен кызматташып келген.

Комментарий: Түркия эгерде  АКШ ыраазылык бербесе, Сирия аймагында аскерий операция баштай албастыгы анык. Буга чейин Түркия Сирия аймагында “Зайтун бутагы” жана “Ефрат калканы” деген аталышта ишке ашырган аскерий операциялары сыяктуу эле, жаңы башталган “Тынчтык булагы” операциясы да ал жердеги илманий режимди бекемдөөдө Америка долбооруна кызмат кылуу үчүн ишке ашырылууда.

 Түркия аскерий операция баштагандан кийин АКШ өкмөтү тарабынан болуп жаткан коркутуулар жана түрк бийлигинин кызуу билдирүүлөрү АКШ менен Түркия ортосундагы достук мамиле “бузулгандай” элес калтырат. Бирок, негизи алардын ортосунда эч кандай мамиле бузулбайт.

АКШ жана Түркия бийликтери ортосунда үзүлбөс алака бар экендиги анык. Алар бири-бирин коркутушса да, биргеликте жүрүш-турушу, жолугушуудагы мамилелери жана Сирияда  ишке ашырылган операциялар… булардын бардыгы “коркутуулар” жасалма экендигин жана бардык иштер толук бойдон АКШнын көзөмөлү астында ишке ашырылып жатканын түшүндүрөт.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago