Жаңылыктар

ЕАЭБге мүчө болуудан кимдер утуп, кимдер утулду?

ЕАЭБге мүчө болуудан кимдер утуп, кимдер утулду?

Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттер арасындагы соодада эң көп уттурган Казакстан болду. Бул тууралуу “LS” басылмасы кабарлаган.

2019-жылдын январь-сентябрь айларына карата Казакстан ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө 4 млрд.доллардык товар экспорт кылып, алардан 9.3 млрд.доллардык товар жана кызматтарды импорт кылган. Ошентип, тышкы соодадагы тескери сальдо 5.3 млрд.долларга барабар болгон.

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч башка мамлекеттерге караганда бир топ төмөн.

Белорусиянын тышкы соодадагы тескери сальдосу – 4.7 млрд.доллар (экспорт – 9.4 млрд.доллар, импорт – 14.1 млрд.доллар), Кыргызстандыкы –  925 млн. доллар (экспорт – 391,6 млн.доллар, импорт – 1.3 млрд.доллар), Армения – 513.6 млн. доллар (экспорт – 465.4 млн.доллар, импорт – 979 млн.доллар).

Биримдикке мүчө мамлекеттердин арасынан бир гана Россиянын соода балансы жакшы көрсөткүчтө болгон. Аталган убакыттагы Россиянын  оң сальдосу 11.2 млрд. долларга барабар болуп, экспорттун көлөмү 24.4 млрд. доллар, ал эми импорт 13.2 млрд. долларды түзгөн.

2019-жылдын алгачкы 3 кварталында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосундагы жалпы товар айлануу 38.6 млрд. долларга барабар болуп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3%га өскөн.

 Комментарий: Орус бийлиги ЕАЭБди түзүүдө дал ушул максатты көздөгөн. Путин жүргүзгөн саясаттын натыйжасында Россиянын оор өнөр жайы кризиске кептелди. Өндүрүш кыйроого жүздөнүп, өнөр жай товарлары Батыш стандарттарынын талабына жооп бере албай турган болуп калды. Мындан тышкары, АКШ жана Европа мамлекеттери киргизген санкциялар орустун товарларына батыш эшиктерин жаап койду. Ошентип замандын талабына жооп бере албай, кампаларда туруп калган товарлар үчүн жаңы базар зарыл болду. Андай базарды пайда кылуунун эң бир жеңил жана ыңгайлуу жолу, таасири астындагы мамлекеттерди мажбурлап болсо да бирер уюмга алып кирүү жана ушул аркылуу базар ачып, ошону менен бирге алардын экономикалык көз карандылыгын  күчөтүп алуу болчу.

 Биздин акимдер болсо бул уюмдун эл жана мамлекетке эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү ушул уюмга алып киришти. Кыргызстан өкмөтү да ЕАЭБге мүчө болуп кирүүнүн алдында “Кыргызстан үчүн 170 миллион кишилик базар ачылышы жана инвестициялык чөйрө жакшырышы” жөнүндө ооз көбүртүп, элдин башын айланткан эле. Иш жүзүндө болсо аталган уюм Кыргызстан үчүн жалаң гана зыяндарды алып келди. Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт.

Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

6 days ago