Жаңылыктар

Үйлөрдү кыдырып даъват кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Үйлөрдү кыдырып даъват кылууга тыюу салынышы  мүмкүн

 Үйлөрдү кыдырып динди жаюуга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Мыйзам 6 айдын ичинде парламентке сунушталат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов билдирди.

 Анын айтымында, муну дааватка тыюу катары карабаш керк. Даъват өз жолу менен улана берет.Үйлөрдү  кыдырып даават кылууга гана тыюу салынат.

Комментарий: Кошуна өлкөлөрдө болуп жатканы сыяктуу эле, Кыргызстанда да диний тармак боюнча кабыл алынып жаткан мыйзамдар негизинен Ислам динин жана мусулмандарды чектөөгө багытталган. Кыргызстан бийлиги да коомдо терең тамыр жайып бара жаткан исламий мухитти көзөмөлгө алуу үчүн баскычма-баскыч аракет кылууда.

 Коомдо  исламий баалуулуктардын жайылышына дал ушул даъватчы мусулмандардын салымы чоң. Даъватчылардын айылдарды аралап, үйлөрдү кыдырып адамдарды Исламга чакыруусунун натыйжасында көптөгөн айылдарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Мечит жана медреселер намаз окуган жана илим алууну каалаган адамдарга толуп, эркектер арасында сакал коюу, аялдардын хижаб менен жүрүүсү урфка айланды… Мусулмандардын Ислам өкүмдөрүн аткарууга умтулуусу өкмөткө о.э. Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн аларды каржылап турган кожоюндарына жакпашы анык. Ошол себептен улам, алар мунун алдын алуу үчүн олуттуу аракеттерди башташты.

Алгач, даъватка чыгуу үчүн муфтияттан жана ИИМден уруксат алуу шарт кылынды.”Аллах буйруган амру маъруф жана нахий мункар үчүн пендесинен уруксат алуу шарт эмес”, – дегендерди “Якын Инкар”чылар деп бөлүп, аларды сот аркылуу  “экстеремисттик” уюмдар тизмесине киргизишти. Ошентип, даъватчылар экиге бөлүндү. Бийликтин шарттарына ылайык даъват кылган даъватчыларга жол ачып берилди. Бирок бүгүнкү күнгө келип, алардын үйлөрдү кыдырып адамдарды намазга чакырышы, мечитке барууга үндөшү бийликке жакпай калды. Себеби, ушул даъват аркылуу көптөгөн адамдар акыйкатты түшүнүп жетип, адал-арамды айырмалай башташты. Эми буга тыюу салынганы турат. Эргешов “бул даъватка тыюу салуу эмес” деп адамдарды алдоого аракет кылып жатканы менен, кабыл алына турган мыйзам долбоору мусулмандарга жана дал ушул исламий даъваттын алдын алууга каратылган.

Эгерде ушул мыйзам кабыл алынып калса жана биз “амирдин буйругу важиб” же “муфтиятка баш ийиүү фарз” деп, буга да унчукпай кала берсек, кийинки кезек мечиттердеги даъватты жана медреселердеги билим берүүнү тыюуга, коомдо исламий көрүнүштөрдү жоюуга чейин жетип барат. Мындай иштер кошуна өлкөлөрдө ишке ашырылган жана бүгүнкү күндө да уланып жатат.

  Эй боордоштор,малай өкмөттөр жана алардын колонизатор кожоюндары бирер исламий уюм же топко эмес, тескерисинче, бүтүндөй Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп жатканын унутпайлы!

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago