Жаңылыктар

«ТЫНТЫК БУЛАГЫ» – АСАД РЕЖИМИН БЕКЕМДӨӨ АМАЛИЯТЫ

«Тынтык булагы» – Асад режимин бекемдөө амалияты

Түркия 9-октябрда Сириянын түндүгүндө «Тынчтык булагы» деп аталган аскерий амалият баштады. Түркия бул амалияттын себебин – Сириянын түндүгүнөн күрт куралдуу топторун сүрүп чыгарып, ал жерде «коопсуздук аймагын» түзүү деп түшүндүрүп жатат. Эрдогандын айтымында, бул «коопсуздук аймагы» Сирия тарапка 30 км ичкери кирип Түркия-Сирия чек арасын бойлоп орун алат. Амалият өткөрүлчү аймактардан АКШ өз аскерлерин чыгарды, андыктан, бул амалият Түркия менен АКШнын келишүүсү негизинде алып барылып жатканын түшүндүрөт.

Эске салсак, Сириянын чыгышын жана түндүк-чыгышын күрт отряддары (АКШнын колдоосу жана кызматташуусу менен) көзөмөлдөп келет. АКШнын Сириядагы көпчүлүк базалары дал ушул аймакта жайгашкан. АКШ амалият өтүп жаткан аймактардан өз аскерлерин алып чыгышы күрттөргө карата кыянаттык деп каралууда. Башкача айтканда, АКШ ушунча жыл күрттөрдү колдонуп келип, эми минтип аларды түрктөрдүн колуна тапшырууда. Эгер, чынында эле АКШ Сириядан чыкмакчы болсо (АКШнын Сириядан чыгышы божомолдон алыс), күрттөр Түркиядан коргонуу үчүн Асад режимин тандашы турган кеп. Негизи, күрт отряддары менен Асад режими ортосунда кагылышуулар дээрлик болбогон.

Европа мамлекеттери Түркиянын бул чабуулун каралап, амалиятты токтотууга чакырууда. Буга жооп катары Эрдоган шантаж мүнөзүндө Европаны коркутууда: «Эй, Европа… Эгер, сен биздин амалиятыбызды баскынчылык деп атоого урунсаң, биз чек араларыбызды ачабыз жана силерге 3,6 млн качкынды коё беребиз». (euronews, 10.10.19). Европанын беш өлкөсү: Франции, Британиянын, Германиянын, Польшанын, Бельгиянын демилгеси менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жабык жыйыны өттү. 10-октябрда өткөн бул жыйында «Тынчтык булагы» деп аталган амалиятты өткөрүп жатканы үчүн Түркияны айыптаган декларацияны кабыл алуу сунушталды. АКШ жана Россия вето укугунан пайдаланып, бул декларациянын кабыл алынышын чет кагышты. АКШ Түркияны согушту токтотууга чакырып, санкцияларды колдонуу менен эскертип жатканына карабастан, АКШ эл аралык аренада Түркияны (Түркиянын Сириянын түнүдүгүндөгү согушун) коргоп (колдоп) жатат. Бул да, Сириядагы согуш Түркия менен АКШнын келишүүсү негиздинде өткөрүлүп жатканына далалат кылат. Андан тышкары, Башар Асадды террорист, канкор деп келген Түркия сириялыктарды Асад режиминен коргоо үчүн Сириянын түндүгүнө кирген жок. Себеби, Түркия бул амалият Асад режимине каршы багытталбагандыгын жана Түркия Сириянын бүтүндүгүн урматташын билдирди. Бул көрүнүш Асад режимин алсыздатпайт, тескерисинче бекемдейт.

«Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт». Сириянын түндүгүн жана чыгышын ким ээлешинин айырмасы жок: АКШ менен келишип иш алып барып жаткан Түркия ээлейби, же АКШнын буйругун аткарып келген күрттөр ээлейби, же болбосо АКШ өзү ээлейби, Сириядагы бардык саясий жана аскерий аракеттер АКШнын Сириядагы планына (Башар Асад режимин бекемдөөгө) негизделген. Учурдагы «орун алмашуулар» АКШнын Сириядагы саясий планын жүзөгө чыгарууга өбөлгө түзүп бара жатат.

АКШ Сирия президенти Башар Асадды диктатор деп атап, аны кулатуу зарыл дегенине карабастан, козголоң башталгандан бери АКШ колдоо көрсөткөн (көзөмөлдөгөн) күрттөр Асадга каршы согушкан жок, Сирияда АКШ менен келишип иш-аракет алып барып жаткан Түркия Асадга каршы бир ок аткан жок. Себеби, Башар Асад – Американын малайы. Америка өз малайын сактап калуу үчүн бул өлкөгө Түркияны, Россияны, Иранды тартты, алар болсо, бири калыс козголоңчу мусулмандарды алдап тузак түшүрүп, бири асмандан ракета жаадырып, бири жерде согуш алып барып, Асадды кулоодон куткарып калышты.

Харун Абдулхак

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

2 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago