Экс-спикерлер шайлоо тууралуу мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин экс-спикерлеринен куралган кеңеш жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн азыркы төрага Дастан Жумабековго жана депутат Асылбек Жээнбековго сунуштарды беришти. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө шайлоодо партияларга коюлган 9% барьер боюнча талаш-тартыштар болду.
“Эгер андан бир эле партия өтсө Баш мыйзамды бузуп 120 мандатты бир эле партияга берип каласыңарбы?” Же маселен бир партия 85% добуш алса, анда бир эле партия 65 орунду ээлеп калабы, же 9% алган бир-эки эле партия өтсө, анда калган шайлоочулар парламентте өкүлсүз калабы, алардын укугу эмне болот деген суроолор коюлду”, – деди Чолпонбаев.
Учурдагы бийлик да мурункулардай эле президентке караштуу жетекчи топту парламентке алып келүү аракетин көрүп жатат. Башкача айтканда, аты башка, бирок, жетекчи топко тиешелүү партиялар парламентти позиция жана оппозиция болуп ээлеп алышмакчы. Президент ушул кезге чейин өз кубаты менен жаңы жетекчи топ пайда кылууга аракет кылды. Бирок максаты ишке ашпаган соң, башка жетекчи топтор менен кызматташууга өттү. Негизи, парламентке өтүүчү барьердин канча пайыз болушу түпкүлүгүндө эч нерсени өзгөртпөйт. Анткени, Кыргызстандын башкаруу системасынын негизи капитализм болгондуктан, жетекчи топ өз кызыкчылыктары үстүндө убактылуу гана биригишет. Бул нерсе диск сыяктуу ар бир бийликтин тушунда айлана берет. Себеби, капиталисттик башкаруу түзүмүнүн табияты ушундай! Капиталисттик системаны Ислам мабдасы менен өзгөртүү аркылуу гана оңдой алабыз!
Мумтаз Маверанахрий
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…
Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…