Жаңылыктар

Эки көмүр кенинде алты адам каза болду

Эки көмүр кенинде алты адам каза болду

Каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин. Өткөндөрдү рахматына алсын.

Эки күндүн ичинде Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларындагы эки көмүр кениндеги кырсык себептүү алты адам каза болду.

“Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, 6-октябрда түштөн кийин Кызыл-Кыядагы көмүр кенинде үч адам каза болгон. Расмийлер азырынча бул окуя тууралуу кеңири маалымат бере элек.

Сүлүктү шаарындагы окуя болсо 5-октябрда жүз берген. Көмүр кениндеги газдан ууланган беш адам ооруканага жеткирилип, алардын үчөө эсине келбестен көз жумган. Калган экөөсүнүн абалы жакшырганы кабарланды. Каза болгондордун баары бир туугандар болгон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2017-жылы кендерде 26 кырсык жүз берип, 24 адам каза болгон. 2018-жылы шахталарда канча адам каза болгону тууралуу маалымат жок.

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам:

Мусулмандар үч нерседе: сууда, жайлоодо жана отто шерик, – деген.(Абу Давуд ривояты).

 Ушул хадиске ылайык, Ислам шариятында мусулмандар суу, жайыт жана нефть, газ, көмүр сыяктуу кендерге жеке адам ээлик кылышы мүмкүн эмес. Аталган кендерден түшкөн кирешени мамлекет башчы өз ижтихадына ылайык, бардык мусулмандар бирдей пайдалануусу үчүн жумшайт.

 Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө үстүбүздө демократия маскасы артында өкүм жүргүзүп жаткан капиталисттик түзүм бардык иштерди материалдык кызыкчылык негизине курганы себептүү аталган кен-байлыктар жергиликтүү байларга же чет өлкөлүк компанияларга сатылып кетти жана калгандары да сатылууда. Кенге ээлик кылган адамдар болсо өз кызыкчылыгын ойлоп, кол астындагы арзыбаган акыга иштеп жаткан жумушчулардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыздоого акча кетирүүнү каалашпайт.

 Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли жогору болгондуктан, жол киреге акча тапкан адамдар Казакстан, Россия, Түштүк Корея же батыш мамлекеттерине чыгып кетип жатышса, жол киреге акча таба албагандар өмүрүн тобокелге салып, мына ушул сыяктуу кендерде иштөөгө мажбур болушууда. Кен-байлыктарды менчиктештирип алгандар да, расмий өкмөт да алардын өмүрү жана коопсуздугу жөнүндө ойлонушпайт.

 Үй-бүлө багуу үчүн техникалык коопсуздугу камсыздалбаган кендерде иштөөгө мажбур болуп, күтүүсүз кырсык себептүү каза болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө жана жакындарына таъзия билдиребиз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берип, өткөндөрдү рахматына алсын.

إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

“Албетте, баарыбыз Аллахтыкыбыз, жана албетте баарыбыз Ал Затка кайтуучуларбыз” [2:156]

Туркистон

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

2 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago