Азия

Сауд Арабиясы аял туристтердин жоолуксуз кирүүсүнө уруксат берет

Сауд Арабиясы аял туристтердин жоолуксуз кирүүсүнө уруксат берет

Сауд Арабиясы 49 өлкөнүн туристтерине жеңилдик берип, аялдардын жоолуксуз өлкөгө киришине уруксат берет. Бул тууралуу “Ньюсвиик” журналы жазды.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрдан тарта падышалык өлкөгө турист катары келүүнү каалагандардын арыздарын кабыл ала баштайт. Коштогон эч кимиси жок аялдарга да чектөө болбойт. Туризм министри Ахмад аль-Хатиб бул жараянды өлкө үчүн тарыхый учур деп атады.

Саудия падышалыгында демократиялык реформалар 2017-жылы Мухаммад бин Салмандын мураскер болуп жарыяланышынан кийин күч алган. Ал 2030-жылга чейинки стратегиясын жарыялап, алардын алгачкылары падышалыкта “аялдардын укугун көтөрүү” демилгелери менен башталды. Бул өзгөрүүлөр негизинен Ислам өкүмдөрүнө каршы келгендиктен, Батыш жана маалымат каражаттары ал окуяларды тынымсыз чагылдырып, колдоого алышууда. Маселен, буга чейин аялдарга саякатка чыгууга уруксат берилген падышалык жарлыкты Батыш басылмалары менен эксперттери мактоого алып, мындай кадамдардын улануусуна үмүт артышкан эле.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…

7 hours ago

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

1 day ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

1 day ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

1 day ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

1 day ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

1 day ago