Жаңылыктар

БУЗУКУЛУКТУ КОЛДОП, ПАКИЗАЛЫКТЫ ТЕБЕЛЕГЕН ДЕМОКРАТИЯ

бузукулукту колдоп, пакизалыкты тебелеген демократия

Үч жыл мурун Кыргызстанда 18 жашка жете элек адамдардын никесине тыюу салуу мыйзамы кабыл алынган. Ал эми, коңшулаш Өзбекстанда бул мыйзам ушул жылы ишке кирди. Албетте, бул сыяктуу мыйзамдарды кабыл алууну эл аралык уюмдар таңуулап келет. Ошол эле учурда, бул уюмдар ак никеге тыюу салып, бузукулукка болсо жол ачышат. Бул уюмдар мектептерде кош бойлуулуктан сактаган каражаттарды бекер таркатуунун негизги демилгечилери.

Ар кандай инсан эне же ата болууну эңсейт жана балагат жашы бул учурдун келгенинин белгиси болуп саналат. Балагат жашы ар адамда ар түрдүү болот, кээ биринде 16 жаш болсо, айрымдарында андан аз же көп болот. Бул маалда адамдын никеге туруусуна тыюу салып, ошол эле учурда, бузукулук кылуусуна жол ачып берүү – жеке инсан гана эмес, бүтүндөй коом үчүн өтө кооптуу. Бирок, бүгүн демократия заманында дал ушул нерсе жүз берүүдө. Ал тургай, ата-эне кызынын ак никесин жашыруу үчүн, «кызымдын никесиз кылып боюнда болуп калыптыр» дегенге мажбур.

Эки жыл мурун Германияда нике тууралуу мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, Германияда 18 жашка толгондон кийин гана никеге турууга уруксат берилет, тескери учурда нике расмий түрдө бекер кылынат. Бирок, бул мыйзамга карабастан – о.э. европалыктар бизге салыштырмалуу демократиялуу болгондугуна карабастан – анда эрте нике куруу «проблемасы» курч бойдон калууда. «Terre des Femmes уюму алып барган изидөөлөргө ылайык, мыйзам күчүнө киргенден тартып никеге турган эки адамдын бири балагат жашына толбогон 813 нике катталган. Бирок, алардын арасынан 10 никени гана бекер кылуу мүмкүн болгон». (Deutsche Welle, 26.09.19). Terre des Femmes уюмунун өкүлү Моника Михелдин айтымында, расмий эмес маалыматтар мындай окуялар айтылган сандан кыйла көп экенин көрсөтүүдө. «Ар бир дем алыш күнү өспүрүмдөр ортосунда бир нике түзүлөт», – дейт Моника Михель.

Ал эми, дүйнөлүк масштабдан алып карай турган болсок, ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, учурда 18 жашка толо элек 765 млн адам никеге турган.

Ата-эне болобу, же алардын балдары болобу, эмнеге мындай нерсеге барып жатат? Себеби, ата-энелик, үй-бүлөлүк сезим инсандын ажырагыс инстинкттеринин бири. Инсан балагат жашына толгондо бул инстинкт – катаал мыйзамдарга, жаза-чараларга карабастан – автоматтык түрдө активдешет. Ошондуктан, балагат жашына толгон адамдарды чектеген бул мыйзамдар адам табиятына туура келбейт. Мындан улам, Азияда болобу, же Европадабы… адамдар мындай мыйзамдарды бузууга барышууда.

Харун Абдулхак

turkistonkg

Recent Posts

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

22 hours ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 day ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 day ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

2 days ago

Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…

2 days ago