Казакстан президенти Кытайга расмий сапар менен барды
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 10-сентябрда расмий сапар менен Кытайга барды. Сапардын жүрүшүндө Токаев казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынына катышты. Андан соң Кытай лидери Си Цзиньпин жана премьер министри Ли Кецян менен жолугушту. Жолугушуулардын жыйынтыгында аба мейкиндиги, “Бир алкак- бир жол” долбоору, технология, айыл-чарба, бажы жана соода тармагына байланыштуу 10 документке кол коюлду.
Токаев казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынында сүйлөп жатып, Кытай менен Казакстандын ортосундагы соода байланыш 2018-жылы 11,4 % өсүп, 12 млрд долларга жеткенин айтты. Ошондой эле Кытай СССР кулагандан бери Казакстанга 20 млрд долларлык инвестиция жаткырганын кошумчалады.
Токаевдин бул сапарынын алдында Казакстанда 3-сентябрда Жаңы-Өзөн шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адамдар Кытайдын долбоорлору токтотулушун талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Казакстанда Кытайдын 55 компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 2017-жылы Казакстанда жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы кодекс боюнча, чет элдиктер аукциондорго катышуу укугуна ээ болушту. Чет элдик компаниялар айыл-чарба багытындагы жерлерди 25 жылга ижарага алууга укуктуу болушту. Бул мыйзамдардан кийин 1.7 миллион гектар жер сатылып кетти. Буга окшогон кылмыштар Казакстан жетекчилеринин саткындыгы себептүү жүз берүүдө. Кытай экономикалык экспансиясын мына ушундай бийлик өкүлдөрүн сатып алуу менен жүргүзүп жатат.
11-сентябрда Казакстан президенти Коомдук илимдер Академиясында сөз сүйлөп, Казакстандын алдыдагы маанилүү тапшырмаларын белгиледи. Анын айтымында, бул иштерди аткарууда Кытай стратегиялык өнөктөш болуп эсептелет. Ошондой эле Кытай менен Казакстандын ортосундагы диалогду бекемдөөгө “үч коркунучка” (экстремизм, терроризм, сепаратизм) каршы күрөшүүдөгү жалпы позиция өз салымын кошууда. Бул үч коркунучка каршы күрөшүү да казак бийлигинин кыянаттыгын көрсөтөт. Анткени, бүгүнкү күндө Кытайда 2 миллионго жакын түрк тилдүү уйгур, казак, кыргыз мусулмандары «сепаратизм», «терроризм», «экстремизм» менен айыпталып камактарда кармалып турушат.
Мумтаз Маверанахрий
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…