Жаңылыктар

Кыргызстанда алфавит маселеси кайрадан көтөрүлдү

Кыргызстанда алфавит маселеси кайрадан көтөрүлдү

11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралды. Жыйындын жүрүшүндө депутат Алтынбек Сулайманов талапкерден латын арибине өтүү боюнча оюн сурады. Исаков өз кезегинде мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо латын арибине өткөнүн колдой турганын айтты. Анын айтымында, түрк элдерин бириктирүү максатында латын арибине өтсө болот.

Буга чейин Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында «Кыргыз латын алфавитинин» долбоору талкууланган. Ага катышкан депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов сөз болуп жактан маселени колдой турганын айткан. Анын пикиринде, Кремлди же Москваны караган мамлекеттик башкарууда отургандар, ал эле эмес эл арасында да ушундай көз карашта жүргөндөр да бар. Мындай көз караштар менен күрөш үчүн коомдук талкууларды көбөйтүш керек.

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча демилге “эгемендик” алган жылдардан бери эле байма-бай көтөрүлүп келет. Анткени, алфавит колдонуудагы идеологиянын сакофатын жаюуда маанилүү рол аткарат. Маселен, Ислам доорунда араб алфавити колдонулушу менен бирге мусулмандарга Куран тилин билүү милдеттүү болгон. Анткени, мусулмандар ушул тилди билүү менен гана өз диндерин тунук түшүнө алат жана жол көрсөтүүчү аалымдар өсүп чыгат. Ошондуктан, Кыргызстандагы мусулмандар да бул алфавитти колдонуп келген. Кийин, социалисттик система келип, араб арибин алмаштырып, өз сакофатын кирилица менен жая баштады. Бүгүнкү күндө капиталисттик системанын өкүмдарлары болгон Батыш мамлекеттери латын арибин колдонот. Ошондуктан, алар үчүн ар бир өлкөдө бул алфавит колдонулушу маанилүү. Алар бул максатына жетүү үчүн “түрк тилдүү элдердин биримдигин” шылтоо кылышат. Ошондой эле билим берүү тармагына гранттарды бөлүү менен өз таасирин кеңейтип барат. Маселен, 9-сентябрда Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Евро биримдик 35 миллион евро бөлгөнү маалым болду.

Буга чейин Нурсултан Назарбаев 2018-жылдын 19-февралындагы жарлыгы менен Казакстанды 2025-жылга чейин латын алфавитине толук өткөрүү тапшырмасын берген. Борбор Азиядагы Орусия таасириндеги өлкөлөрдүн мындай кадамга барышы, Орусиянын өзүндө билим берүү системасы кулоо астында калганынан кабар берет. Буга орус чиновниктери өз балдарын Батыш өлкөлөрүнө окутуу үчүн жиберип жатышканы далил боло алат.  

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

17 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

20 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago