Орусия менен Франция коопсуздук тармагында кызматташат
Орусия президенти Владимир Путин менен Франция президенти Эммануэль Макрон 9-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүү Москвада өтүп жаткан орус-француз коопсуздук тармагындагы кызматташтык Кеңешине байланыштуу жүрдү. Белгилей кетсек, Москвага бүгүн 9-сентябрда Франциянын Коргоо министри Клер Ландэ расмий визит менен келип, Орусиянын коопсуздук тармагында жооптуу жетекчилер менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул жолугушуу 7 жылдык тыныгуудан соң кайрадан жанданып жатат. Аталган Кеңеш 2002-жылы эки өлкөнүн жетекчилеринин сунушу менен түзүлгөн.
Лидерлер мындан тышкары “Норманд төрттүгүнүн” (Орусия, Германия, Франция, Украина) кезектеги саммитин да талкуулашты. Бул өлкөлөр Украинадагы кырдаалды сүйлөшүү менен чечүүгө аракет кылып келет. Бирок, АКШ өзүнүн Украинадагы таасирин күчөтүп алуу үчүн бул сүйлөшүүлөрдүн кандайдыр бир натыйжага жетүүсүнө тоскоолдук кылып келет. Аталган саммит акыркы жолу 2016-жылы октябрь айында өткөн.
Буга чейин Франция президенти Европанын коопсуздугу үчүн Орусия менен кызматташтыкка барууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле Европанын күч түзүмүн калыптандырууну сунуштаган.
Дүйнөдөгү буга окшогон акыркы окуялар өкүмдарлык позициясын сактап калууга урунуп жаткан АКШ позициясына каршы каратылганын көрсөтүүдө. Анткени, АКШ Европа биримдигин Орусиядан келе турган коркунучту шылтоо кылып НАТО уюмунда кармап келет. Муну менен Европанын таасирин чектөөгө алууда. Мындан тышкары, Улуу Британиянын биримдиктен чыгуусун колдоо менен да ЕБны алсыратууну көздөп жатат. О.э. АКШ акыркы кезде экономикалык жактан тез өсүп келаткан Кытайга каршы экономикалык согушту баштап жиберди. Ал эми Орусияга карата санкцияларды 2014-жылдан бери улантып келет. Мына ушул жагдайлар эл аралык абалдын кайрадан тартиптелүүсүнө, жаңы күчтөрдүн майданга чыгуусуна шарт жаратууда.
Мумтаз Маверанахрий
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…