Жаңылыктар

Кашмир калкы Исламий Умматтын ажырагыс бөлүгү

Кашмир калкы Исламий Умматтын ажырагыс бөлүгү, Кашмир маселеси Индиянын «ички маселеси» эмес

Кашмирди мушрик индустардын баскынчылыгынан азат кылуу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аракетине кошулгула

Хизб-ут-Тахрир Бангладеш вилаяты 2019-жылы 23-август күнү жума намазынан кийин Дакка жана Читтагонг шаарларындагы мечиттерде демонстрацияларды өткөрдү. Бул демонстрациялар Кашмир маселеси Индиянын «ички маселеси» деп жаткан Хасина режиминин позициясына каршы өткөрүлдү. Режим адамдарды Кашмирдеги мусулман боордошторуна тилектештик билдирип Индияга каршы демонстрация өткөрүүдөн жана жек көрүүсүн билдирүүдөн кайтаруу үчүн коркутууда. Демонстрацияларда сөзгө чыккандар саткын мусулман акимдеринин кайдыгерлиги себептүү Кашмирдеги мусулмандар азап тартып жатканын айтышты. О.э. Индия Кашмирди толук ээлегени жана аны Индия регионундагы экинчи Фалестинге айлантканы жөнүндөгү жарыяга саткын мусулман акимдеринин кайдыгерлиги түрткү болгонун айтып өтүштү. Индия конституциясындагы 370-берене бекер кылынгандан кийин, канкор Моди өкмөтү Кашмирди өлүм өрөөнүнө айлантты. Себеби, Моди өкмөтү ал жерге чоң сандагы армияны жиберди, ал жерге саякат кылууга тыюу салды, телефон жана интернет байланыштарын үздү. Ошондон бери басып алынган Кашмирден мусулмандарга карата ырайымсыз басым уланууда. Индия армиясы адамдарды камакка алуу үчүн үйлөрүнө бастырып кирүүдө жана адамдар чогулган жайларга ок атылууда. Жараат алгандар ооруканада камакка алынышынан коркуп, дарыланганы бара албай жатышат.

Башка жактан болсо, саткын Хасина режими Кашмир мусулмандарын маскара кылып жатат. Себеби, ал Кашмирдеги мусулмандарды Индия баскынчылыгынан азат кылуу үчүн ал жерге аскерийлерди жиберүүнүн ордуна Индия тышкы иштер министрин Бангладеште достук маанайда күтүп алды. Хасина режими мушрик кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн Кашмир маселеси Индиянын «ички маселеси» деп айтканы саткындыгын дагы да бекемдеди. Мындан тышкары, бул режим Бангладеш калкын Кашмирдин мусулман калкына тилектештик билдирип, Индияга каршы демонстрация кылуу жана жек көрүүсүн билдирүүдөн кайтарды. Хасина режими муну менен Аллах Тааланын ушул буйругуна каршы чыкты:

وَإِنِ اسْتَنْصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ

«Эгер, алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда» [8:72]

Демонстрацияларда сүйлөөчүлөр ушуларды айтышты: «Эй мусулмандар! Кашмир калкы исламий Умматтын ажырагыс бир бөлүгү. Кашмир маселеси Индиянын «ички маселеси» эмес. Расулуллах ﷺ айткан:

«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»

«Момундар достукта, боордоштук жана ырайымда бир денеге окшойт, себеби, дененин бир мүчө жабыркаса, калган мүчөлөр уйкусуз болуп, ысытмалап чыгышат». (Муслим риваяты). Кашмир, Фалестин, Мьянма жана башка жайлардын маселеси – Исламий Уммат маселеси. Исламий өлкөлөрдүн бирер жеринде мусулмандардын азап тартышы Умматтын баарына азап берет. Исламий акыйдага болгон ыйманыбыз бизге Кашмирдеги мусулмандарды коргоо жоопкерчилигин жүктөйт. Биз дүйнөнүн бардык жайларындагы мазлум мусулмандардын проблемаларын чечүүдө алар менен бирге болушубуз лазым.

Кашмирге келген кырсык – Уммат үчүн калыс жетекчиликтин т.а. рошид Халифалыктын жоктугунун натыйжасы. Кашмир Индия конституциясынын 370-беренеси бекер кылынгандан кийин Индияга өткөн жок, балким, ал араб жана ажам саткындардын жардамы менен колонизатор душмандар 1924-жылы 3-мартта Усманий Халифалыкты кулаткандан кийин өттү. Колонизатор бизди 50дөн ашык улуттук малекеттерге бөлүп жиберди жана өз малайларын үстүбүзгө аким кылып дайындады, өздөрү чыгарган куфр түзүмүн колдонушту. Натыйжада, биз алсыз кишилерге айланып калдык, бизди коргой турган коргоочу да, адилеттүү имам да жок. Ошондон кийин алар өлкөлөрүбүздү колония кылышты жана жырткыч айбандар өз олжосуна жутунгандай бизге жутунушту, дүйнөнүн бардык жайындагы, Кашмирдеги мусулмандарга карата душмандыгы күчөдү».

Сүйлөөчүлөр дагы ушуларды айтышты: «Эй мусулмандар! БУУ жана Исламий конференция уюму – колонизатордун куралдары. Алар үчүн проблемаңардын кызыгы жок. Аллахтын уруксаты менен жакында тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык Кашмирди жана башка исламий өлкөлөрдү азат кылуу үчүн кошуун жиберет. Савбан розияллаху анху риваят кылган хадисте Расулуллах ﷺ айтат:

«عِصَابَتَانِ مِنْ أُمَّتِي أَحْرَزَهُمَا اللَّهُ مِنْ النَّارِ عِصَابَةٌ تَغْزُو الْهِنْدَ وَعِصَابَةٌ تَكُونُ مَعَ عِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ عَلَيْهِمَا السَّلَام»

«Аллах Таала Умматымдан болгон эки топту тозоктон азат кылды. Бири Индияга каршы согуш кылган топ, экинчиси Ийса ибн Марям алайхиссалам менен бирге болгон топ». (Ахмад жана Насаий риваяты)».

Сүйлөөчүлөр өз сөздөрүн адамдардан Хизб-ут-Тахрирге кошулуу жана Кашмирди Индиядан азат кыла турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн пикирий жана саясий күрөш алып барууну талап кылуу менен аякташты. Биз мусулмандарга зулум кылып жаткан, өз жерлеринде туруп аларга басым кылып жаткан жана Индия регионго өкүмдар болушу үчүн колонизатор кожоюндары менен бирге аракет кылып жаткан ушул малай режимден жакшылык күтпөшүбүз керек. Батыш жана Индия малайы болгон Хасина режимин кулатуунун убагы келди. Биз мурункудай күчтүү болушубуз, Кашмирди, Фалестинди, Араканды жана башка басып алынган исламий өлкөлөрдү азат кылуу үчүн мусулмандардын калканын кайтарууга чакыруубуз керек. Расулуллах ﷺ айтат:

«وَإِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

Хизб-ут-Тахрирдин Бангладештеги маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

2 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago