Басма сөз баянаты

Ансарлардын сыпатына ээ болуу үчүн зомбулук жана кыргындын тушунда сириялык качкындарга жардам берүү зарыл

Басма сөз баянаты

Ансарлардын сыпатына ээ болуу үчүн зомбулук жана кыргындын тушунда сириялык качкындарга жардам берүү зарыл

Истамбул жетекчилиги 22-июль күнү «Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш» деп аталган билдирүү чыгарды. 400 сириялык качкын мамлекеттен чыгарылганы жөнүндөгү кабарлар тарашы артынан өткөрүлгөн басма сөз конференциясында Түркияга мыйзамсыз жолдор менен киргендер кысымга алынып жатканы жана мамлекеттин аймагынан чыгарылып жатканы ачыкталды. О.э. убактылуу уруксат күбөлүгү менен Түркияда жашап жаткан сириялыктарды күбөлүктө көрсөтүлгөн вилаяттарга көчүрүү жана Истамбулда убактылуу жашоого уруксат берүүнү токтотуу жөнүндө айтылды. Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, сириялык качкындар 2019-жылы 20-августка чейин убактылуу уруксат күбөлүгүн алган вилаяттарга көчүп кетиши керек.

Истамбул жетекчилигинин бул билдирүүсү жана көрүлүп жаткан чаралар акыркы кездерде сириялык качкындарга каршы душмандыкка жана фитналарга себеп болгон зомбулук жана катылдыктар качкындардын душмандарынын пайдасына болгонун көрсөтүп турат. О.э. улутчул жана илманий саясат каалаган нерсе жүзөгө чыкты. Шайлоо кампанияларында «Исламий тамыр терең жайылган Фатих шаарын сириялыктардан тазалайбыз» деген ураандар көтөрүлдү. Улутчулдукту жана кызыкчылыкты негиз кылып алган партиялардын максаты ишке ашты. Алар Түркиядагы экиномикалык кризиске сириялык качкындар айыптуу деп жатышат. Ошентип, мухажир жана ансарлардын бурадарлыгынан ибрат албаган бул пикир ээлери өз максаттарына жетишти.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү, 2019-жылы 2-июлда «Сириялык качкындарга каршы чабуулдар кабыл алгыс» деп аталган билдирүү чыгардык. Ушул баракчада «Адилет жана Өнүгүү» партиясына мындай суроо менен кайрылганбыз: «Сирия козголоңу күчөгөндө мухажир жана ансарлардын ураанын көтөрүп чыккан, бүгүн болсо сириялыктарды кууп чыгарууну айтып жаткан кишилер чабуул жана фитналарда маанилүү роль ойногон жокпу? Алар Истамбул шайлоолорунда жеңилүүгө учурашканы үчүн унчукпай турушабы?». Ички иштер министринин буйругу менен ишке ашырылып жаткан өз өлкөсүнө кайтаруу жана көчүрүү иш-чаралары жана Истамбул жетекчилигин билдирүүлөрү бийлик улутчул илманийлерден айырмаланбастыгын көрсөтүүдө. Бийлик зомбулук жана катылдыктар алдында эч бир нерсе кылууга жарабайт. Эгер, бийлик мунун тетирисин айтса, анда, зомбулук жана катылдыктарга туш болуп жаткан сириялык качкындарды көчүрбөшү, тескерисинче, аларды коргошу керек. Эгер, бийлик өкүлдөрү өздөрүн ансар деп эсептешсе, Түркия президенти Эрдогандын 2014-жылы Газиантепте айткан сөзүн эстешсин. Эрдоган мындай деген: «Кандай гана сөздөр болбосун, силердин бизге оордугуңар жок. Хазаратыбыз, сакафатыбыз жана салтыбыз бир болгон меймандар биз үчүн береке жана сыймык». Кечеги күн менен бүгүнкү күндүн ортосунда эмне өзгөрдү?! Сирия режиминин кыргыны токтодубу? Же Түркиянын жардамы менен козголоң жеңишке жетиштиби? Астана жана Сочиде Түркия менен табакташ болгон Россия Идлибди аёосуз бомбалап жатат. Түркия болсо, качкындарды кишендеп, кайра Идлибге жөнөтүүдө. Же сириялык бурадарларга мухажир катары каралбай, алардан саясий курал катары пайдаланылып жатабы? Алардын ролу бүткөн соң, оор жүккө айланыштыбы? Ошентип, аларды залимдердин колуна кайра тапшыруу туурасында токтом кабыл алындыбы?

﴿وَالسَّابِقُونَ الْاَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِر۪ينَ وَالْاَنْصَارِ وَالَّذ۪ينَ اتَّبَعُوهُمْ بِاِحْسَانٍۙ رَضِيَ اللّٰهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَاَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْر۪ي تَحْتَهَا الْاَنْهَارُ خَالِد۪ينَ ف۪يهَٓا اَبَداًۜ ذٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظ۪يمُ﴾

«Мухажир жана ансарлардын алдыңкылары жана аларды жакшы амалдар менен ээрчигендер – Аллах аларга ыраазы болду жана алар да Ага ыраазы болушту. Дагы (Аллах) алар үчүн астынан дайралар агып турган, алар түбөлүк кала турган жаннаттарды даярдап койду. Мына ушул улуу бакыт»                                                                                               [9:100]

turkistonkg

Recent Posts

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

23 hours ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 day ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 day ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

2 days ago

Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…

2 days ago