Жаңылыктар

Фалестин режиминин коопсуздук кызматы Захириядагы дүкөндөрдөн Расулуллах ﷺдын байрагын алып салуу үчүн өз күчтөрүн жөнөтүүдө

Фалестин режиминин коопсуздук кызматы Захириядагы дүкөндөрдөн Расулуллах ﷺдын байрагын алып салуу үчүн өз күчтөрүн жөнөтүүдө

Айт күндөрүндө жана ырасымдарда Халилдин Захирия шаарындагы соодагерлери Расулуллах ﷺдын байрагын дүкөндөргө илип коюуну адат кылышкан. Бирок, бул сапар капыстан режимдин бир топ коопсуздук күчтөрү келип, дүкөн жумушчуларынан мубарек ашр күнү дүкөндөргө көрк берип турган роя жана лива байрактарын алып салууну талап кылышты. Дүкөн жумушчулары байрактарды алып салуудан баш тартышып, адамдар менен коопсуздук күчтөрү ортосунда жаңжал чыкты… Ошондо коопсуздук күчтөрү Захирия шаарында көздөн жаш агызган газ колдонду… окуя болгон жерге келген дүкөн ээлерин камакка алды!

Ошол түнү саат үчтө коопсуздук күчтөрү зомбулук жана арамзалыгын улантып, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн биринин үйүнө бастырып кирди. Алар Хизб мүчөсүн камакка алып, аны Халилдеги коопсуздук мекемелеринин бирине алып кетишти. Алар дагы бир үйгө бастырып киришип, тинтүү өткөрүштү… Эртеси да Хизб мүчөлөрүнүн үйлөрүнө бастырып кирүүнү токтотушпады.

Коопсуздук кызматынын мындай иш-аракети ал Уммат хазаратынан бүтүндөй бөлүнүп чыккан кызматка айланганын анык көрсөтүп турат. Анткени, Уммат перзенттери ушундай мубарек күндөрдө Расулу ﷺдын байрактарын көтөрүп чыгышууда… Бул – Умматка улуулугун жана үстөмдүгүн эске салып жаткан, Аллахтын уруксаты менен, жакында ушул мубарек жер азат кылынганда башыбыздын үстүндө желбирей турган байрак. Расулуллах ﷺдын байрагы жана Умматтын улуулук символу Фалестин режими менен анын коопсуздук кызматын кыжырдантып жатабы?! Халифалыкты эске салган, кече кресттүүлөр жана монголдор заманында анын көлөкөсүндө Фалестин фатх кылынган, эртең Халифалык мамлекетинде желбереп, мубарек жер анын көлөкөсүндө яхудийлердин ыпластыгынан тазалана турган бул байрак коопсуздук кызматын кыжырдантып жатабы?!

Роя гезити, №247, 2019жыл, 14август.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago