Жаңылыктар

Чегара чыры: 2 метр… кимге пайда, кимге зыян

Чегара чыры: 2 метр… кимге пайда, кимге зыян

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш жайларында чегара чырлары көп чыгат. 22-июль күнү да ушундай бир кайгылуу окуя катталды. Кыргызстан жарандарынан беш адам жаракаттанганы, ал эми Тажикстан жарандарынан алты адам жараат алып, бир адам каза тапканы кабарланууда.

Расмий маалыматтар боюнча, окуянын өнүгүшү мындайча сүрөттөлүүдө. Тажикстан президенти Эмомали Рахмоновдун Ворух анклавына келиши күтүлүп жаткан. Ошондуктан, Ворух тургундары чегаранын шарттуу участкасына желекчелер орнотмокчу болушкан. Буга Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары каршы чыгып, желекче мамыларын 2 метр арыга жылдыртышкан. Ал эми Кыргызстандын Дача участкасына орнотулган “Ак-Сай” деген жазууну тажикстандыктар сындырып салышкан. Мына ушундай талаш-тартыштын айынан ондогон адамдар жаракаттанып жана адам өмүрү кыйылган… 2 метр ары же бери…

Ушул эле учурда, Кыргызстанда 60 гектар аянтты камтыган Кант аэродомунда Россия авибазасы орношуп олтурат. 201-россиялык аскерий база Тажикстандын үч шаарына жайгаштырылган. Булар бүткүл Орто Азия үстүнөн Россия колонизаторлугун камсыздап турат. Мунун каршысында, кыргыз-тажик мусулмандары 2 метр жер талашып урушуп жатышат… Негизи, Орто Азиядагы мусулмандар арасына чегаралар – биердеги мусулмандар биригип орус колонизаторлугуна каршы чыкпашы үчүн – өз ара жаңжалдаштарып туруу максатында тартылган.

Орусия менен Кытай өздөрүнүн колонизаторлук позицияларын бекемдеш үчүн Шанхай кызматташтыгы уюмун түзүп алышты. Мусулмандардын биригип-кубаттануусунун алдын алыш үчүн – экстремизм жана терроризмге каршы күрөш шылтоосун – уюмдун башкы максаттарынын бири кылып коюшту. Россиянын аскерий базалары азыр ушул шылтоо астында турат. Ал эми Кытай болсо, өлкөлөрүбүз бытыранды абалда турганда, бул уюм аркылуу алардын ар бири менен өз-өзүнчө келишимдерди түзүп, жерлерибизди тартып алууда, кендерибизди тоноодо.

Азыр Кыргызстан менен Тажикстандын экөөсүнүн тең жалпы карыздарынын 40%ын Кытай карыздары түзөт. Кытайга Кыргызстан 2 млрд доллар, Тажикстан 1.5 млрд доллар карыз. Кытай булар аркылуу азыр кени-жерлерибизди ээлей баштады. Бир эле мисал келтирсек, Кыргызстандагы Иштамберди, Кичи-Чаарат, Шамбесай ири алтын кендерине кытайлык компаниялар ээлик кылууда. Кытайдын ТВЕА компаниясы Душанбе ТЭЦи курулушу үчүн Тажикстандын Дуоба, Жогорку Кумарг ири алтын кендерин алып койду, эми бул да жетпейт деп, үчүнчүсүнө көз артып олтурат. Булардын каршысында кыргыз-тажик мусулмандары 2 метр жер талашып урушуп олтурушат…

Биз, кыргыз-тажик эли – баарыбыз мусулмандарбыз. Биздин Кураныбыз бир, Пайгамбарыбыз бир, кыбылабыз, ал тургай, кабырыбыз бир… Биз улуту же мекенине карабастан, мархумдун жаназасына чогуу турабыз. Эгер бир кыргыз мусулман Тажикстан аймагында көзү өтүп кетсе, тажик биртуугандар жаназасын окуп, өз көрүстөрүндөрүнөн 2 метр жер бөлүп, сый менен жашырып коюшат. Эгер мындай окуя Кыргызстанда болуп калса, кыргызстандык мусулмандар да ушундай кылышат… же мындай эмеспи, ыя…

Биз, мусулмандардын мындай кырды-бычак болуулары, жогорудан белгилүү болгондой, колонизаторлордун кызыкчылыктарына гана кызмат кылат. Алар бизди 2 метр жер үчүн уруштуруп коюп, гектарлаган жерлерибизди өз кабырларыбызга айландырып коюшу мүмкүн (мындан Аллах сактасын, бирок, мындай нерселерге дүйнөлүк тажрыйбалардан күбө болуп жүрөбүз). А өлкөлөрүбүздүн жерлери болсо бүтүндөй ошол колонизаторлордун колониясы болгон бойдон калат.

Бүгүнкү окуя Кыргызстан президенти Тажикстанга барары тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурга туш келди. Бул жолугушууда чегара маселелери талкууланары да айтылып жаткан. Негизи, мындай сүйлөшүүлөр мурун да болуп келген, бирок, мындай аракеттер эч нерсени чечпейт. Балким, андагы маселелер колонизатор кожоюндун кызыкчылыктарына ылайык гана чечилет. Анткени, бул чегаралар колонизаторлор тарабынан сызылган жана бул жетекчилер алардын колонизаторлук кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн үстүбүзгө орнотуп коюлган. А биз болсо, кыянатчы жетекчилерди салтанат менен тосуп, жолдоруна желекчелер тагып, алар үчүн жаңжалдашып жүрөбүз…

Пайгамбар r айтат:

«وَلَمْ يَنْقُضُوا عَهْدَ اللهِ وَعَهْدَ رَسُولِهِ إِلَّا سَلَّطَ اللهُ عَلَيْهِمْ عَدُوَّهُمْ مِنْ غَيْرِهِمْ فَأَخَذُوا بَعْضَ مَا كَانَ فِيْ أَيْدِيهِمْ، وَمَا لَمْ يَحْكُمْ أَئِمَّتُهُمْ بِكِتَابِ اللهِ عَزَّ وَجَلَّ وَيَتَخَيَّرُوا فِيمَا أَنْزَلَ اللهُ إِلَّا جَعَلَ اللهُ بَأْسَهُمْ بَيْنَهُمْ»

«Аллага жана Анын Пайгамбарына берген убадаларын бузгудай болушса, Алла аларга душмандарын султан кылып коёт. Душмандар алардын колдорундагы айрым нерселерин алып коюшат. Ырас, алардын жетекчилери Азза ва Жалла Алланын Китеби менен өкүм жүргүзбөс экен, Алла түшүргөн өкүмдөрдү абзел билбес экен, Алла аларды өздөрүн-өздөрү менен убара кылып коёт» (Ибн Маажа риваяты).

Эй мусулмандар, эгер ушинтип колонизатор кафирлердин саясатына алданып, өз ара жаңжалдашып жүрө берсек, ахиретте да зыян тартуучулардан болуп калабыз.

«إِذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ»

«Эки мусулман бири-бирине кылыч көтөрсө, өлтүргөн да өлгөн да тозокто» (Бухарий риваяты).

Урматтуу мусулмандар, биз мусулманбыз, биз ар бир маселенин чечиминде Исламыбызга кайрылуубуз керек:

1. Исламий акыйдабызга кайрылалы. Бул акыйда бардык улут өкүлдөрүн диндеш биртуугандарга айландырат.

2. Исламий Халифалык гана мусулмандар арасында тартылган жасалма чегараларды алып таштап, аларды бир мамлекетте бириктирет, мусулмандар арасында чегара чыр-чатактары деген болбойт.

Андыктан, Исламыбызды үйрөнөлү жана Халифалыкты тикелөө жолунда фикрий-саясий күрөш алып баралы!

Абдулхакийм Караханий

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

15 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

15 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago