Фалестин режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алуу кампаниясын баштады
Хизб-ут-Тахрир–Фалестин маалымат бөлүмү кабарлашынча, Фалестин режими алып барып жаткан камакка алуу кампаниясында камалган Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн жана алардын жакындарынын саны кырктан ашты. Бул камакка алуулар Хизб мүчөлөрүнүн үйлөрүнө түн жарымда бастырып кирүү менен ишке ашырылды.
Кампания Килкилия, Наблус, Тулкарм, Жанин, Рамаллах, Ариха, Карют, Талфит, Кабалан, Байта, Акраба, Бадя, Азба Салман, Азун, Хабла, Бакаи Шаркия, Аттил, Сайлаи Харисия, Байт Када, Давра, Таркумия, Саир, Санур, Суриф, Байт Авла жана Батир сыяктуу аймактарда алып барылды.
Маалымат бөлүмүнүн айтымында, Фалестин режиминин коопсуздук кызматы Хизб мүчөлөрүнүн ондон ашык үйүнө түндө жырткыч көрүнүштө бастрып кирген, эшиктерди сындырып, үйдө зөөкүрдүк кылып, бир нече нерселерди конфискация кылган жана үйдүн жашоочуларын коркуткан. Мисалы, маалымат бөлүмүнүн мүчөсү доктор Мусъаб Абу Аркуб жана анын эки инисинин үйлөрүнүн эшиктерин талкалашкан.
Баса белгилөө лазым, режимдин камакка алуу иш-аракетинде көптөгөн Хизб мүчөлөрүнө жана алардын жакындарына дене жарааттары жеткирилгенин жана изделип жаткан жигиттердин кээ бир жакындары барымта катары камакка алганын этибарга алсак, алардын мындай аракети кылмышкерлердин жана каракчылардын аракетинен айырмаланбайт.
Бул камакка алуу кампаниясы Фалестинде Хизбдин билдирүүсү жума намазынан кийин таратылышы артынан башталды. Баракчада режим сынга алынган, режим Рамазан айтында мусулмандарды бөлүү кылмышын жасаганы, муфтий өзүнүн мурдагы фатвасына тескери жарыя чыгарганы ачыкталган.
Роя гезити, №238, 2019-жыл, 12-июнь.
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…
"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…
Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…
Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…