Жаңылыктар

Саммит артынан дагы саммит

Саммит артынан дагы саммит

ШКУнун Бишкектеги саммитинен кийин Душанбеде Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-саммити болуп өттү. Эки саммитте тең эл аралык саясий багыт дээрлик бир тарапка каратылды. Башкача айтканда, негизги этибар Кытайдын инвестициясынан жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу менен региондо Батышка каршы эл аралык таасирге ээ гегемондук кубат пайда кылууга каратылды.

Путин ЕАЭБ менен Кытайдын “бир алкак – бир жол” долбоору ортосунда шайкештик, кызматташтык пайда кылууга чакырды. Жылдык экономикалык алака 100 миллиард долларга жеткен Кытай – Россия мамилесин мындан ары кеңейтүү чаралары талкууланды. Россия Кытайдын Борбор Азияга алып кирип жаткан кредиттерин жана стратегиялык инвестицияларын ЕАЭБ аркылуу көзөмөл кылмакчы болууда.Путин Афганистан тараптан болуп жаткан коркунучтарга токтолуп, Жакынкы Чыгыштагы кризисти жөнгө салуу жараянында Афганистанда кырдаал курчуп бара жатканы жөнүндө сөз кылды.

Эки саммитте тең Кытай өз мүмкүнчүлүктөрү менен бардыгынын этибарында турду. Саммитте ар бир мамлекет Кытайдын инвестициясынан үмүттөнүп жатканы сезилип турду.

Путин Душанбедеги саммитте  Батыш менен экономикалык күрөштү токтотууга жардам сурагандай кайрылуу жасады. Ал 27 мамлекеттин жетекчилерине кайрылып, дүйнөдө экономикалык согушту токтотууга чакырып, аларды Батыш тараптан өзүнө каршы багытталган экономикалык санкцияларды тааныбастыкка чакырды. Путин негизинен Кытай менен Индияга көңүл буруп, Батышка каршы эл аралык союз түзүү керектигине ишара кылды.

Эки саммитте тең ири өзгөрүүлөргө алып баруучу маселелер көтөрүлбөдү. Баягы эле “терроризм жана экстремизм”дин алдын алуу максатында Сирияда тартип орнотуу жараяны айтылды. Башкача айтканда, Россия Батыш долбоору негизинде ишке ашып жаткан Жакынкы Чыгыштагы мужахиддерди мекенине кайтаруу жараянын көзөмөлгө алууга аракет кылды!

Россия Борбор Азия регионун көзөмөлүнөн чыгарып жиберип жаткандыктан, кырдаалды Кытай менен кызматташтыкта көзөмөлдөп калууга умтулуп жатканы сезилүүдө. Бүгүнкү күндө Россиянын эл аралык саясаттагы таасири алсырап бара жатканы себептүү, энергия ресурстарын эле эмес, Сибирдин бир бөлүгүн Кытайга ижарага берүүгө мажбур болууда. Россия да Кытайды өзүндөгү сырьёлорго кызыктырып, инвестиция тартмакчы болуп, карызга батып барууда. Бул аркылуу ал да Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин катарына түшүп барууда.

 О.э. саммитте АКШ баш болгон Батыш экспансиясынан коргоону талап кылып жаткандай болду. Россиянын мурдагы союздук мамлекеттерден түзүлгөн ЕАЭБ, КМШ… сыяктуу уюмдардын үстүндөгү көзөмөлү да алсырап, региондогу мамлекеттер экономикалык жактан Кытайга колония болуп барууда.

Россия учурда Кытайдын мүмкүнчүлүктөрүнө атаандаша албайт. Ошондуктан, ансыз деле ишке ашып жаткан Кытайдын экономикалык баскынчылыгы анын көзөмөлү астында болуп жаткандай түр көрсөтүүдө. Борбор Азия мамлекеттерине басым өткөрүп болсо да, Кытайдын регионго кирип келишинде кандайдыр таасирге ээ болмокчу. Мындан да чоңураак проблема, Россия Азияда Батышка (АКШга) каршы Кытай жана Индия катышуусунда саясий, же экономикалык блок түзмөкчү болууда.

Абдураззак Муъмин

turkistonkg

Recent Posts

Көркөм эсептелүүчү хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…

1 day ago

“Коопсуз шаар” долбоору аймактарда да колдонулат

"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…

1 day ago

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…

1 day ago

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

3 days ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago