ШКУнун кезектеги саммитинде негизги тема коопсуздук маселеси болот
Кытай тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Бишкекте болуп өтүүчү ШКУ саммитинин күн тартибиндеги негизги тема коопсуздук маселеси болот. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
“Коопсуздук жана өнүгүү маселелери саммиттин эң негизги темаларынан болот. Мындан тышкары, акыркы жылдарда ШКУнун алкагында ишке ашырылган кызматташтыкты талдоо о.э. жакынкы келечекке пландарды түзүү маселелери да каралат”, – деди Кытай тышкы иштер министринин орунбасары Чжан Ханьхуэй.
Кытай дипломатынын билдиришинче, ШКУ саммитинде Кытай экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү о.э. террорчулукка каршы күрөшүү жаатында бир нече демилгелер менен чыгат.
Бишкекте 13-14-июнь күндөрү ШКУнун кезектеги саммити болуп өтөт. Ага ШКУнун мүчөлөрү Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери, ал эми, Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышат.
Учурда, Белоруссия, Иран жана Монголия ШКУда байкоочу макамына, ал эми Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка мамлекеттери өнөктөш макамына ээ.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…