ШКУ: Уюмдун максаты
Кыргызстанда 13-14-июнь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтөт. Уюмдун уюштуруучулары Россия жана Кытай империалисттик державалары. Анын расмий иш тилдери – кытай жана орус тилдери. Уюмдун эмне максатта уюшулганы ушул мамлекеттердин жакынкы мамилелер тарыхына назар салуу менен да айкындашат.
Советтер Союзу кулагандан кийин Россия менен Кытайдын мамилеси “жакшы кошуначылык”ка көтөрүлдү. Анткени, Батыш державалары Союзду кулатууга жетишкенден кийин, андан ажырап чыккан “эгемендүү” колонияларга колонизаторлук жүрүштөрүн баштаган эле. Ушундан улам, Россия үчүн анын колонияларына көз артпай турган өнөктөш зарыл болчу.
Кытай үчүн да Россия сыяктуу “стратегиялык өнөктөш” зарыл эле. Анткени, Кытай өз аймагынан тышкарыга колонизаторлук жүрүштөрүн жасабаш үчүн, АКШ ар дайым аны өз “ийининен” чыгарбоого аракет кылып келген. Ошондуктан, АКШ Японияга жана Түштүк Кореяга аскерий жактан келип алган, Индияны ага каршы тукуруп турат; Тайвань, Тибет, Уйгурстан, Гонконгду “эгемендүү” болууга шыктандырат… Кыскасы, Кытайга ж.б.у.с. проблемаларды туудуруп турат. Ошон үчүн, Кытайга да – АКШ сыяктуу проблема туудурбаган – союздаш зарыл эле.
1996-жылы “Шанхай бештиги” түзүлдү. Бул уюмдун максаты, мүчө мамлекеттер ичине АКШнын абалды туруксуздаштыруучу күчтөрү кирип келип калбашына каратылган эле. Анткени, ошол жылы АКШ Афганистанда талибандын бийликке келишине жолдорду ачып баштаган. АКШнын мындай саясаты андан ары Орто Азия жана Чыгыш Түркистан мусулмандарына жайылтылбашы үчүн, ушул уюм уюшулду. Өзбекстан бийлиги Талибанды колдогон АКШ саясатынан корголоп, 2001-жылы “Шанхайская шестёркага” кирди.
2001-жылы АКШ дүйнөгө жеке жетекчилик кылуу саясатын жүргүзүп, башкалардын колонияларын басып алуу үчүн “экстремизм жана терроризм” шылтоолорун колдонууну көздөп калды. Ошондуктан, ушул шылтоолор менен Америка “шанхайчылар” аймагына кирип келип албашы үчүн, “шанхай алтылыгы” андан ары өркүндөтүлүп, “Шанхай Кызматташтык уюму” болуп түзүлдү.
Талибан АКШ буйруктарына баш ийбей баштаган соң, 11-сентябрь окуялары шылтоосу менен Америка Афганистанды басып алды. Америка тарабынан бул “терроризмге каршы күрөш” деп аталды. АКШнын бул баскынчылыгына ШКУ каршы тура алган жок, кайра анын “терроризмге каршы күрөшүнө” ээрчип, Өзбекстан жана Кыргызстанда авиабазалар ачып берүүгө аргасыз болду.
2003-жылы АКШ Британияга караштуу Иракты басып алды. Ушундан кийин, анын мындай тартып алууларына каршы Германия-Франция-Россия огу түзүлдү. Акыбетте, Америка чегинди. Мына ушундан кийин, ШКУ колдоосу менен, 2005-жылы Өзбекстандан АКШ авиабазасы чыгарылды.
Учурда Кытайдын оор өнөржайлары укмуштуудай өнүктү, дүйнөлүк 2-экономикага айланды, аскерий жактан 3-орунда, ядролук держава эле болуп калбастан, космостук держава да болуп калды, IT тармагында алдыга кетти ж.б. Ушулар себептүү, Кытайда “самоизоляциядан” чыгып, сыртка колонизаторлук жүрүштөрүн жасоо дымагы пайда болду. “Бир кур, бир жол” долбоорун ишке ашыра баштады. (Ошондуктан да, АКШ аны “№1-стратегилык атаандаш” деп кабыл алды). Мунун тушунда Россиянын оор өнөржайы өнүкпөдү, сырьё сатып жан бага турган мамлекетке айланды, мунун айынан аскерий кубаты да артка кете баштады. Батыш мамлекеттеринин санкциялары кесепетинен Кытайга жан берүүлөргө (уступка) барды.
Ушулардан улам, Кытай ШКУ аркылуу өзүнүн Орто Азияга карата экономикалык экспансиясына зор көңүл бура баштады. Саммитттерде экономикалык келишимдер орчундуу орундарды ээлеп калды. Муну биз Кытай менен Орто Азия өлкөлөрү ортосундагы инвестиция, карыз, соода, коммуникация жана өнөржай курулуштары жаатындагы келишимдерден көрүп турабыз.
Кытай азыр Орто Азияга карата экономикалык экспансиясын ишке ашырууда, эртең демографиялык экспансиясын баштайт. Андан кийин буларды аскерий кубаты менен колдошу керек болот…
Ошентип, Кытай ири империалисттик державага айланып, ШКУда “старший брат” болуп калды. Ал Россияга дос эмес, мисалы, анын соода балансында 1-орунда Америка турат, а Россия болсо 10-орунда. Россия да Кытайга дос эмес, ал Америка менен мамилелери оңолуп кетүү үмүтүндө, АКШ кызыкчылыктарына кызмат кылып жүрөт. Мисалы, АКШ талабы менен Сирияга кирди жана көп чыгымдарга учурады о.э. дүйнө коомчулугуна жек көрүндү. Бирок, ушулардын баарына макул болуп, дале анын кызматында жүрөт. Ошондуктан, Кытай менен Россиянын ШКУ уюмунан көздөгөн максаттары өз ара айырмаланып барууда.
Ал эми, Пакистан жана Индия мамлекеттерин уюмга кирүү максаттары да уюштуруучулардыкынан өзгөчөлөнөт. Пакистан жана Индия бийликтери АКШга малай болгондуктан, алардын мындагы башкы максаттары Америка тарабынан белгиленген. АКШ аларды ШКУну ичинен иритүү үчүн бул уюмга мүчө кылып киргизген.
ШКУну түзгөн Россия да, Кытай да куфр державалар. Исламга каршы күрөшүүдө алар да башка кафирлер менен бир сапта. Ошондуктан да, ШКУ алдына “экстремизмге каршы күрөш” б.а. Исламга каршы күрөш максады да коюлган жана мында Кытай менен Россия бирдей пикирде. Мисалы, ШКУнун 2003-жылкы Москвадагы саммитинде “экстремизге каршы күрөшүү” күн тартибине өзүнчө киргизилип, Хизб-ут-Тахрир исламий саясий партиясына өзгөчө көңүл бурулган. Анткени, Хиб-ут-Тахрир партиясы – дүйнөдө колдонулуп жаткан демократия куфр идеологиясына, анын империалисттик-капиталисттик түзүмүнө каршы – фикрий-саясий күрөш аркылуу Ислам мабдаъсын көтөрүп чыгууда.
Абдулхакийм Караханий
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…