“Назарбаев ордени”: эки жүздүүлүктүн үлгүсү
28-29-май күндөрү Казакстанда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартипке, электроэнергетикалык жалпы базар түзүүгө о.э. ЕАЭБ алкагындагы интеграцияга тиешелүү 20 документке кол коюлмакчы. Белгилүү болгондой, Россия колонияларын экономикалык жактан өз чеңгелинде кармап туруу үчүн мына ушул уюмду түзгөн. Жогорудагыдай документтер болсо, колонизаторлукту жүзөгө ашыруучу иш-чаралар болуп саналат.
Жыйындын алгачкы күнүндө Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусия президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону “Нурсултан Назарбаев” ордени менен сыйлады. Аталган орден аларга Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу Казакстан менен алаканы тереңдетүүгө кошкон салымы үчүн» ыйгарылды. Сыйлыкты Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев өзү тапшырды.
Негизи, ЕАЭБ идеясы Россиянын колонизаторлук дымагынан келип чыккан. Бирок, аны “Назарбаевдин идеясы” кылып көрсөтүп, Назарбаев аны алга сүрүүгө мажбурланган. Турмуш чындыгынан күбө болгонубуздай, бул уюмга мүчө болуу Казакстан үчүн көп көйгөйлөрдү жаратты. Назарбаев Россия чеңгелинен чыгууга көптөгөн аракеттерди жасады, бирок, өтөсүнөн чыга албады. Лекин ушуларга карабастан, ал Путинди орден менен сыйлап олтурат.
О.э. орден тагынган Жээнбеков Назарбаевдин “эки өлкө ортосундагы бир туугандык мамилелерди орнотуп, бекемдөөгө кошкон жеке салымын” баса белгилеп кетти. Негизи болсо, турмуш чындыгынан күбө болгонубуздай, Казакстан бийлиги Кыргызстан үчүн чек ара жана бажы мүшкүлдөрүн жаратып келет.
Ушул күнгө чейин, бул уюм алкагында күчтүү күчсүздү басмырлап келүүдө. Россия Казакстанды, Казакстан болсо Кыргызстанды кысат. Ошондой болушуна карабастан, эки жүздүүлүк менен “уюм теңата шериктикке” курулган деп айтылат. Дүйнөлүк империалисттик түзүм мына ушундай. Анда колонизатор кожоюн гана кадырлуу болот, башка малайлар болсо – өздөрүнө канчалаган “елбасы” деген сыяктуу асмандаган аттарды коюп алышпасын – баары бир кожоюнуна кошаматтанып, кор болуп жашайт.
Абдулхакийм Караханий
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…