2013-жылы кызыл килем төшөп узатылган Батукаевдин иши кайрадан козголушунун себеби эмнеде?
2013-жылы Кыргызстанда дээрлик президенттик диктатура орноп бара жаткан эле. Ал кезде президент өз кланын орнотуп алып, ар бир иш анын көзөмөлү жана буйругу астында ишке ашырылып турган. Демек, Батукаев президенттин түздөн-түз буйругу менен түрмөдөн чыгарылгандыгы анык. Муну бардык саясатчылар жана саясий элита өтө жакшы билет. Маселенин саясий өңүтү – бул иш алты жылдан кийин кандай максатта кайрадан козголуп жаткандыгында.
Кечээ күнү Атамбаев саясий ишмердүүлүгүн токтотуп, КСДП партиясынын төрагалыгын тапшырды. Жээнбековдор башчылыгындагы жетекчи топ эми Атамбаевге карата куугунтукту токтотушар бекен? Себеби, жаңы мыйзам боюнча экс-президенттердин кол тийбестиги ал саясатка аралашкан учурда гана күчүн жоготору белгиленген.
Батукаев маселеси Кыргызстандын ички ишине тиешелүү кылмыш иши болушуна карабастан, ал эл аралык саясатка байланыштуу иш болгон. Бул иштин буюртмачылары Путин аркылуу Рамзан Кадыровго барып такалат. Мындай эл аралык кылмыштуу операция алардан төмөнүрөөк деңгээлдеги адамдар тарабынан мындай көрүнүштө ишке ашуусу дээрлик мүмкүн эмес! Ошондуктан, Батукаевдин чыгып кетиши боюнча жүрүп жаткан тергөө жараяны адилеттүү аякташы мүмкүн эмес!
Демек Батукаев иши Кыргызстандагы жетекчи топтор (позиция, оппозиция) ортосундагы саясий күрөш куралы болууда. Аныгыраагы, бийлик колундагы мүмкүнчүлүктү колдонуу менен, өзүн оппозициялык күчтөрдүн жетекчиси катары жарыялаган Атамбаевди саясаттан четтетип жиберүүнү көздөп жатат. Балким, эркинен ажыратууга да батынышы мүмкүн. Бирок, иш Атамбаевге басым өткөргөн Путинге жетип барбасын үчүн ушул жерде, башкача айтканда, бир катар аткаруучулдарды камакка алуу менен аякташы мүмкүн. Эгерде Атамбаев болгон акыйкатты ачыктап жиберсе, Батыш дүйнөсү Батукаев ишин эл аралык саясий майданда Путинге каршы маалыматтык күрөшкө айландырып жибериши мүмкүн. Ошондуктан, бул иш Атамбаевде, же ага жетпей аткаруучуларда токтотулушу үчүн кандайдыр жасалма сценарий ойлоп табылышы мүмкүн.
Абдураззак Мумин
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…
"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…
Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…
Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…