بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Алжир режими күндөн-күнгө жалындап бара жаткан элдин каарынан эсин жоготуп, жан жөкөрлөрүн четтете баштады
Устаз Салих Абдуррахим – Алжир
Белгилүү болгондой, Алжирдеги окуялар курчуп кетти. Бүткүл Алжирди силкинткен калк толкуну акыркы убактарда болуп көрбөгөн түстө өттү. Ошол жума күндөн тартып козголоң өлкөнүн түрдүү шаарларына жайылып бийликтин өзгөрүшүн талап кылган массалык демонрацияларга айланды. Майданда күндө эмес, ар саат сайын пайда болуп жаткан жаңы окуялар өлкөдөгө кырдаалдын маңызы жөнүндө көптөгөн талдоолорду ортого салууда.
Ушул өзгөрүүлөрдүн бири жөнүндө «Жазаирия» маалымат агенттиги 2019-жылы 16-апрелде маалымдады. Кабарда Коргоо министринин орун басары, Армия Башкы штаб башчысы генерал лейтенант Ахмад Койид Салих Варкла шаарында кайрылуу жолдоп даанышмандыкты жана сабырдуулукту карманууга чакырды. «Себеби, өткөөл доор башталышы менен жүзөгө келген бүгүнкү абал өзгөчө жана чаташ болуп эсептелет», – деди ал. О.э. ал армия бул баскычта эл аралык уюмдар менен кызматташууга амал кылышы керектигин, алдыда боло турган нерселер ачык көрүнүп калганын, бул кечиктирүүнү сыйбай турган абал экенин баса белгиледи. О.э. ал өлкөдөгү бул кризисти эң жакын убакта чечүү үчүн зарыл болгон варианттар жетиштүү экенин, мекендештерди – айрыкча, демонстрациялар учурунда – коргоо үчүн көрсөтмөлөрдү бергенин да баса белгиледи! Ахмад Койиддин бул билдирүүсү конституциялык кеңештин төрагасы Тайиб Билаиз отсткавка чыккан күнү айтылды. Белгилүү болгондой, демонстранттар Бутефликанын айланасындагы бардык адамдардын бийликтен кетишин талап кылып, катуу басым кылышкандыктан Билаиздин отставкага кетти. Кийин анын ордуна тезинен 2016-жылдан бери конституциялык кеңештин мүчөсү болуп келген Камал Винш дайындалды. Бул окуялар 2019-жылы 9-апрель күнү Улуттук Кеңештин төрагасы Абдулкадир ибн Салихтин президенттик шайлоого чейин өлкө президенттигин убактылуу кабыл алышы артынан майданга чыкты. Президенттик шайлоо – эгер абал конституциянын талаптарына ылайык болсо жана көзөмөлдөн чыгып кетпесе – 2019-жылы 4-июлда өткөрүлүшү мүмкүн! Белгилүү болгондой, саясий оппозициялык партиялар жана демонстранттар бул шайлоону азыртан баштап бойкот кыларын жарыялашты. Бул жерде этибарды тартканы ушул, Армия Башкы штаб башчысы Койид Салих түздөн-түз мурдагы Разведка кызматынын төрагасы генерал Тавфикке асылып, аны шектүү саясий чөйрөлөр менен жашыруун тил бириктирген, үгүт алып барып, өлкөдөгү кризистин курчушуна себеп болгон деп айыптады. Ал кайрылууда мындай деди: «Мен элдин талаптарына каршы тил бириктирүү жана Элдик Улуттук армиянын кризисти алдын алуудагы аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында өткөрүлгөн жашыруун шектүү жолугушуулар болуп жатканы жөнүндө 30-март күнү айткамын. Бирок, ага карабастан, кээ бир партиялар мурдагы Разведка кызматынын төрагасы башчылыгында ошол жолугушууларга катышканын четке кагууга, коомдук пикирди чалгытууга урунуп жатат. Негизи, колубузда мындай арамза окуяларды ырастаган катъий далилдер бар. Ушуга ылайык, мен бул адамга акыркы ирет эскертүү берип жатам! Дагы ушундай аракеттерин уланта турган болсо, ага мыйзамдуу катаал чара көрөбүз!». («Жазаирия» агенттиги).
Мындай кескин билдирүү берилип, майданда күрөш башталгандан кийин жакынкы күндөр ичинде Башкы Штаб жетекчиси мурдагы генералдар сыяктуу айрым таасирдүү аскерийлерге каршы күрөш башташы ыктымалдан алыс эмес. Бул күрөш коркутуу, сотко тартуу, камакка алуу же коррупция боюнча иликтөө иштерин баштоо сыяктуу түрдүү каражаттар менен ушул топтордун тизгинин тартып коюу максатында кылынат. О.э. улуттук-исламий кыймылдарды да аракетке келтирип, аларды эски колонизаторлор менен мамиле кылган ашынган илманийлерге каршы коюу да аракеттери болору жөнүндө божомол кылынууда. Бул учурда белгилүү бир убактан кийин демонстрациялар белгилүү бир даражада тынч абалдан чыгып кетиши жана күрөш туруксуз абалга кириши да мүмкүн, бул Башкы штаб жетекчилигине маанисиз. Бирок, Францияга көз каранды чөйрө өлкөдө ал үчүн ыңгайлуу шарт жаралышын үмүт кылууда! 2019-жылы 12-апрель күнү борбордун кээ бир аймактарында кагылышуу жана зомбулуктар болгону байкалды.
Абал ушундай чаташкан, өлкөдөгү демонстрациялардын себептери жана таасирлери тууралуу кыскача баян кылабыз:
Бүгүнкү күндө Алжирде болуп жаткан окуяларда бийликте турган британиячылдарга каршы күчтөрдүн т.а. армия, администрация жана маалымат каражаттары ичине кирип кеткен Франция малайларынын колу бар. Жада калса, алар коопсуздук кызматынын мурунку кызматкерлеринин жардамында майданда аракет кылып жаткан адамдары аркылуу демонстрацияларды уюштурууга даяр турушкан. Бул коопсуздук кызматынын башында генерал Тавфик (Мухаммад Мадин) деп таанылган адам турат. Алар мындай иштерди социалдык тармактарда жаштардан пайдаланып, идеология, саясат жана кызыкчылык жагынан өздөрүнө караштуу партиялардагы – франциячыл илманий улутчулдардын «Маданият жана Демократия үчүн» партиясындагы, жада калса Али ибн Флис жетектеген «Эркин Жаштар» партиясындагы – ашынган илманийлердин колу менен аткарышат. Белгилүү болгондой, Али ибн Флис 2004-жылы шайлоодо Бутефликага жеңилген. Аны бул ишке тарткандар мурунку Башкы штаб башчысы Мухаммад Миъмарий менен Халид Низар жана франциячылдыгы менен таанымал башка генералдар болгон.
Бирок, Алжирде адамдарды козголоң кылууга үндөгөн себеп жана абалдар, шек-күмөнсүз, Бутефлика. О.э. Бутефликанын коррупциячыл министрлери, аларга жакын жана шерик болгон пайдапарас ири бизнесмендер. Буларга кошумча, алардын өткөн кылымдын токсонунчу жылдары бизнеске жана финансыга ээ саясатчылардан, генерал аскерийлерден турган шериктери да, баары ондогон жылдардан бери түрдүү ыкма жана жолдор менен элдин мал-мүлкүн талап-тоноп, чет элге ташып кетишкен. Коррупция алар айткан финансы жана экономика тармагына гана чектелбеген, балким, бул тармактан ашып өтүп, таалим, администрация, саламаттыкты сактоо сыяктуу бардык тармактарды камтып алган.
Майданда нааразылык демонстрациялардын көлөмү жана адамдардын саны, алардын ураандары өз ара күрөшүп жаткан чөйрөлөрдүн божомолунан кыйла күчтүү чыкты! Бирок, ушул убакка чейин болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларга назар салган киши майдан исламий ураандардан четте экенине күбө болот. Борбор жана бир-эки жерлерде гана исламий ураанды көрүүгө болот! Чынында, демонстранттарды жашыруун аракеттендирип жаткан тараптар демонстрациялардан исламий ураандарды четтетишти! Коррупционерлердин кетишин же франциячыл илманийлер көтөрүп чыккан «биринчи эркиндиктер», «биринчи демократия» жана «экинчи республиканы тикелөө» ураандарына ылайык режимдин кетишин же кулатылышын талап кылуу… о.э. алданган исламчылар «жарандык мамлекетти» талап кылышы эч качан мусулмандар умтулган нерсеге алып барбайт. Негизи, мусулмандар Уммат мабдасынан алынган көз карашты жана саясий долбоорду каалайт, ал шаръий түрдө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта көрүнөт. Ушул Халифалык Исламды бүткүл адамзатка жеткирет, адилеттикти, күч-кубатты камсыздап, жакшы башкарууну, эң улуу максат болгон Аллахтын ыраазылыгын ишке ашырат. Мусулмандардын душмандардын каршысындагы күч-кубат булагы – Ислам.
Роя гезити
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…